Липосакция процедурасынан соң каза болгон аялдын өлүмүнөн кийин жеке менчик клиника жабылды

Бишкек шаарындагы Art clinic менчик клиникасынын лицензиясы жокко чыгарылды. 14-июнда ал клиникада 40 жаштагы аял липосакция процедурасын жасаткандан кийин каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жеке медициналык ишмердүүлүктү лицензиялоо секторунун адиси Аман Осмоновдун айтымында, мынай чечимге клиниканын жетекчилигинин лицензияны жокко чыгаруу боюнча арыз жазганы себеп болду.

«Аталган клиникада эмгектенген дарыгердин ишмердүүлүгү боюнча министрлик комиссия түзгөн», — деди ал.

*Липосакция бул ашыкча дене майын хирургиялык жолу менен азайтуу процедурасы. Операция дененин белгилүү бир бөлүгүнө (курсакка, санга же жамбашка) жасалышы мүмкүн.

Окуя кандай болгон?

Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда Айдай аттуу аял Art clinic’те липосакция жасаткандан кийин оор абалда Улуттук госпиталга түшкөн. Бир нече күндөн соң аялдын бардык органдары жарактан чыгып, көз жумган.

Бул факты боюнча тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми Свердлов райондук соту жеке менчик клиниканын хирургун ТИЗО-1ге бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Хирургга «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен айып тагылган.

22-августта Бишкек шаардык милициясы аялдын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылганын кабарлаган. Милициядан иштин кыскартылышына тараптардын элдешкени себеп болгонун айтышкан.

Дагы окуңуз:

Липосакциядан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча иш кыскартылды

Липосакциядан кийин каза болгон аялдын иши боюнча хирург камакка алынды