Башкы прокуратура Азимбек Бекназаровду суракка албаганын билдирди

Башкы прокуратурадан «Клоопко» Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров суракка алынбаганын билдиришти. Буга чейин Бекназаров «Азаттыкка» аны көзөмөл органы 25-августта суракка алганын айткан.

Бекназаров Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине байланыштуу күбө катары суралганын белгилеген.

Анткен менен прокуратурадан июнь окуясы боюнча иш шаардык соттун кароосунда экенин айтышты. Ал эми Бишкек шаардык сотунан ал суракка чакырылбаганын тастыкташты.

Бекназаров үстүбүздөгү жылдын 17-январында июнь окуялары боюнча Башкы прокуратурага сурак берген. Ал 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болгон — анда прокуратура жана каржы полициясын жетектеген.

5-августта Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Президенттин буйругунда ал коюлган тышкы саясий милдеттерди аткара албаганы айтылган. Кызматтан алуу чечими Бекназаров Кумтөр кенине байланыштуу жаңы келишимди сындап чыгуусунун шартында кабыл алынган.

Июнь окуясы боюнча иликтөөнүн жанданышы

2021-жылдын 2-апрелинде президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине 2010-жылдагы июнь окуяларына байланышкан материалдарды изилдеп чыгуу тапшырмасын берген. Ал эми 16-апрелде УКМК «июнь коогалаңы» боюнча тергөө кайрадан жанданаарын кабарлаган.

Атайын кызматтан текшерүү Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата да жүргүзүлөт деп билдиришкен.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык башаламандыктын келип чыгышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенет, ошондой эле Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракеттерине соңку юридикалык баа берилет», — деген атайын кызмат.

Муну менен бирге, «кайгылуу окуялардын алдын алуу» үчүн тийиштүү чара көрбөгөн облустук деңгээлдеги кызмат адамдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин иш-аракеттерине да баа берилери кошумчаланган.

Кадыржан Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери катары белгилүү болгон. 2010-жылы ал өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстан бийлиги Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп айыптаган.

2010-жылдын 10-июндан 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган.

Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Июнь коогалаңын иликтеген Кильюнендин эл аралык комиссиясынын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 470 адамга жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иш: Убактылуу өкмөттүн беш мүчөсүнө айып тагылды