Бир кадр менен: Садыр Жапаров бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 26-августта Кыргызстанда туулуп өскөн орусиялык мушкер Дмитрий Бивол, ошондой эле анын жеке тренери Геннадий Машьянов менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров спортчуну WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргоп алышы менен куттуктады.

«Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң», — деди Жапаров.

Жапаров «чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган» Геннадий Машьяновдун дагы чоң ролун белгиледи.

Ал эми Дмитрий Бивол Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге өткөн машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, өлкөнүн жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент чемпионго мындан аркы беттешүүлөрүндө ийгилик каалап, тренери экөөнө эстеликке чепкен жана калпак белекке тартуулады. Ал эми Бивол президентке энчилүү футболкасы менен бокс кол кабын тапшырып ыраазычылыгын айтты.

Материалдын автору: Надежда Семёнова

Дагы окуңуз:

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго эки бөлмөлүү батир белек кылынды

Мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанды мекеним деп атады