Адвокат: Жаза аткаруу кызматы Атамбаевдин Москвага барып дарылануусуна уруксат берген жок

Жаза аткаруу кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын Москва шаарына барып дарыланып келүүсүнө уруксат берген жок. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Жоошев мекеме «мыйзамдуу негиздер жок» деген жүйө менен Атамбаевди дарыланууга жиберүүдөн баш тартып коюшканын айтты.

Адвокат абакта Атамбаевге дары-дармектер кыймылдап жүрүүсү үчүн гана берилип жатканын айтып, дарылар оорусун сакайта албайт деп белгиледи.

«Мындай жоопту, адамдын дени-сактыкка жана жашоого болгон укугун бузуу катары кабыл алабыз. Улуттук кардиология жана терапия борбору Атамбаевге медициналык жардам керек деген тыянак чыгарып берген, андай нерсе биздин өлкөдө жасалбайт да», — деп жазды ал.

Атамбаевдин жактоочусу мекеменин бул чечими боюнча Жогорку сотко кайрылуу жолдошконун билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 17-августунда Замир Жоошев дарылануу үчүн Атамбаевди Москвага жиберүүгө уруксат берүү боюнча Жаза аткаруу кызматына өтүнүч жиберген. Ал атайын аппараттын жоктугуна байланыштуу Кыргызстанда жасоого болбой турган процедураларды Атамбаев Москвадан жасатышы керек экенин айткан.

Алмазбек Атамбаев учурда Молдовановка айылындагы №27 колонияда. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.

Ошондой эле Атамбаевге карата 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо жана Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер алуу боюнча кылмыш иштер бар. Акыркы үч иш бир өндүрүшкө бириктирилип, сотто каралууда.

Атамбаевдин ден соолугу

Ушул жылдын май айынын аягында Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жеткирилген.

Ага чейин мурдагы президенттин адвокаттары бир нече жолу аны ооруканага жаткыруу үчүн уруксат берүүнү суранышкан. Аны бир нече жолу ден соолугуна байланыштуу сот залынан тез жардам унаасында алып кетишкен.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору мурдагы президенттин ден соолугу аны сотко мажбурлап алып келишкенде кескин начарлап кеткенин билдирген.

№47 колонияга караштуу ден соолукту калыбына келтирүү мекемесинин башкы дарыгери мурдагы президент толук текшерүүдөн өтүп, дарыланышы керек деп белгилеген.

Алмазбек Атамбаев апрель айында Бишкектеги №47 колониядан Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 колонияга көчүрүлгөн. Мурдагы президент тарапташтары менен 2019-жылы Чүй облусундагы Кой-Таш айылында эки күнгө созулсан штрум учурунда кармалган.