Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаев Москвага барып дарыланууга муктаж

Жаза аткаруу кызматына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дарылануу үчүн Москвага барууга уруксат сурап өтүнүч жиберилди. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине адвокат Замир Жоошев билдирди.

Кайрылууда адвокат Атамбаевге атайын аппараттын жоктугуна байланыштуу Кыргызстанда жасоого болбой турган процедураларды — кызыл өңгөчүнө аргонндук-плазмалык абляция жасатып, лазердик эндоскопиядан өткөрүү керек экенин көрсөткөн.

«Мындай процедура Атамбаевге 2016-жылы Орусия президентинин иш башкармалыгынын ооруканасында жасалган. Операция жасоого ага коюлган “кызыл өңгөчтүн Барретти” диагнозу себеп болгон, бул оору — кызыл өңгөчтүн ракка чейинки абалы. Кызыл өңгөчтө шишик пайда болуп, дагы да оор абалга өтүп, операция кылууга болбой турган даражага жетиши мүмкүн. Операциядан кийин шишик кайра жаралбаганын көзөмөлдөп туруу үчүн жыл сайын текшерүүдөн өтүп туруу керек. Бирок Атамбаевге карата куугунтуктар болуп жаткандыктан бул мүмкүн болбой жатат», — деп айтылат документте.

Жоошев Москвадагы клиника мурдагы президенттин ден соолугунун абалы начарлай баштаганына байланыштуу кайра текшерүүдөн өтүүгө чакырганын кошумчалады.

Сүрөт: Адвокат Замир Жоошев

Атамбаевдин адвокаты кардарын керектүү медициналык процедураларды алуу үчүн төрт айга коё берүүнү суранды. Жоошев операциядан кийин Атамбаев «жазасын өтөөнү улантуу үчүн» Кыргызстанга кайтып келерин баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев учурда Молдовановка айылындагы №27 колонияда. Мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча 11 жыл 2 айга кесилген.

Ошондой эле Атамбаевге карата 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо жана Кой-Таш айылында мыйзамсыз жер алуу боюнча кылмыш иштер бар. Акыркы үч иш бир өндүрүшкө бириктирилип, сотто каралууда.

Атамбаевдин ден соолугунун абалы

Май айынын аягында Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жеткирилген.

Буга чейин мурдагы президенттин адвокаттары бир нече жолу аны ооруканага жаткыруу үчүн уруксат берүүнү суранышкан. Аны бир нече жолу ден соолугунун абалына байланыштуу сот залынан тез жардам унаасында алып кетишкен.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдиргендей, мурдагы президенттин ден соолугунун абалы аны сотко мажбурлап алып келишкенде кескин начарлап кеткен.

№47 колониянын алдындагы ден соолукту калыбына келтирүү мекемесинин башкы дарыгери мурдагы президентке толук текшерүүдөн өтүп, дарыланышы керектигин белгилеген.

Алмазбек Атамбаев апрель айында Бишкектеги №47 колониядан Чүй облусундагы Молдовановка айылындагы №27 колонияга көчүрүлгөн. Мурдагы президент тарапташтары менен 2019-жылы Чүй облусундагы Кой-Таш айылында эки күнгө созулсан штрум учурунда кармалган.