Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жеткирилди

25-майда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев кабарлады.

Жоошев бир ай мурда, 25-апрелде Биринчи май райондук соту Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн канааттандырганын белгилеп, чечим ишке ашырылып жатканын айтты.

«Алмазбек Шаршеновичтин стационардык шартта дарылануу боюнча маселе дарыгерлердин компетенциясына кирет. Медиктер өз милдетин адискөйлүк менен аткарат деп үмүттөнөбүз», — деп белгиледи адвокат.

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Замир Жоошевдин Фейсбук барагы.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 8-августунан бери камакта отурат. Ага бир катар кылмыш иштери козголгон. Атамбаев Кой-Таш окуясы, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция боюнча ошондой эле Кой-Таштан мыйзамсыз жер алууга байланыштуу иштердин фигуранты.

Мурдагы президент 18-апрелде Бишкектеги №47 колониядан Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 абак жайга которулган. Мындай кадам Жазаларды аткаруу кызматы №47 колониянын имаратын бузуп жатканы менен түшүндүрүлгөн.

Атамбаевди күч колдонуп сотко алып келүү

23-мартта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өткөн. Ал жакка унаадан чыгып, процесске катышууга каршылык кылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып киришкен. Жыйынтыгында Атамбаевдин абалы начарлап, кайрадан колонияга алып кетишкен. Сот отуруму жылдырылган.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыктан сот отурумуна катышуудан баш тартып, арыз жазганына карабай, аны мажбурлап алып келишкенин билдирген. Анын айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салышкан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анын колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан.

«Атамбаев көгала тактарды медициналык каттоодон өткөртүү сунушунан баш тартты», — деп билдиришкен борбордон.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери колониянын жетекчилигинен мурдагы президенттин камерасынын кире беришинин тушунда жайгашкан көзөмөл камеранын видеосун дагы берүүнү суранышкан. Бирок колониядан серверге кире алышпасын айтып, видеону берүүдөн баш тартышкан.

Кийинчерээк ЖАК өз кызматкерлери мурдагы президентке эч кандай күч колдонуп же психологиялык басым кылбаганын, ал сот отурумуна катышпай коюу үчүн жаңжалдуу жагдай жараткан деп билдирген.

Ошондой эле ЖАК 23-мартта Алмазбек Атамбаев медициналык жардам сурап кайрылбаганын да айткан.

Тема боюнча:

Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияга которулду

Кыйноолорду алдын алуу борбору: Атамбаевдин ден-соолугу кескин начарлап баратат