Кримтөбөл Дөө Чыңгыздын өлүмүнө шектелген беш адам ТИЗО-1ге киргизилди

Дөө каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүүгө шектелген беш киши тергөө аяктаганга чейин ТИЗО-1ге киргизилди. Маалыматты «Клоопко» Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.

Шаардык соттон шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 27-августта Свердлов райондук сотунда каралганын билдиришти. Алар «Адам өлтүрүү» беренеси жана ушул эле берененин 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен) менен 16-пункту (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган) боюнча айыпталып жатышат.

Дөө-Чыңгыздын киши колдуу болушу

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагуловдун сөөгү 30-июлда ТИЗО-1де табылган. Ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Жаза аткаруу кызматынан Жумагуловду камерада чогуу олтурган киши өлтүргөнүн мойнуна алды деп маалымдашкан. Мекеменин маалыматына караганда, буга «жекече пикир келишпестиктер» себеп болгон.

Ал арада Kaktus Media басылмасы жеке булактарына таянып, «Дөө Чыңгызды» өлтүрүүгө шектелген кишинин аты Доорон экенин жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Доорон Камчы Көлбаевдин Адилет Касенов аттуу жакын кишисинин тобунда жүргөн жана УКТнын «капчыгы» деп саналчу.

Басылманын жеке булагы Чыңгыз Жумагулов «мыйзамдагы ууру» болууну көздөп жүргөн, өлтүрүүнүн себеби да ушул болушу мүмкүн деп билдирген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кримтөбөлгө 18 жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. Бычак көбүнесе моюн тушуна жана денесинин үстүңкү бөлүгүнө урулганы белгиленген.

Депутат Дастан Бекешев жогорку кызматтагы адамдардын аралашуусусуз кримтөбөлдү өлтүрүү мүмкүн эмес болчу деп эсептейт.

Чынгыз Жумагулов

Чыңгыз Жумагулов кримдүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү жана ал 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи Май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. «Дөө Чыңгыз» буга чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.