Милициянын зордугуна кабылган 13 жашар кыз мектепте дагы сабалып, кордук көргөн — укук коргоочу

Эки милиционердин зордугуна кабылган 13 жашар кызды мектепте бир нече жолу токмоктоп, ал түгүл тишин сындырышкан. Бул тууралуу Oasis фондунун башчысы Мээрим Осмоналиева Фейсбук барагына жазды.

«Биз кыз менен иштөөнү улантып жатабыз, себеби сексуалдык колдонуудан тышкары мектепте өтө жаман буллингден (кемсинтүү, басынтуу, тукуруу – ред.) жабыркаптыр. Жогору класстын окуучулары тишин сындырып, башкалардын көзүнчө бир нече жолу сабашыптыр. Мектепте рэкетчилик дагы деле өтөө кооптуу көрүнүштө уланып жатат», — деп жазды ал.

Укук коргоочу жабырлануучу «мигранттын кызы болгону жана мыйзам менен алпурушуп жатканы үчүн эле аны кодулоого жол берген» мугалимдер менен социалдык педагогдорго суроолору бар экенин жазды.

«Кызды башкалар уурулукка түрткөндө жардам бере алышпаган ИДН (Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы) кызматкерлерине суроолор көп. Өз убагында кабарлап кызга жардам бербеген соцкызматтарга суроолор көп. [...] Дагы жакшы, атасы апасы кызын коргоп чуркап жүрүшөт», — деп нааразы болду Осмоналиева.

Секелекти зордуктоо

13 жаштагы секелек эки милиционер менен «Дордой» базарында иштеген кароолчунун зордуугуна кабылганы июлдун башында белгилүү болгон. Иштин материалдары Свердлов райондук сотунун кароосуна өткөн.

Жабырлануучунун адвокаты Тимур Султановдун айтымында, кароолчу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп берет.

Мындан тышкары, Султанов милицонерлер абак жазасын өтөп чыккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпасын кошумчалады.

Өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу 2022-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин уланган.

Зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.

Тема боюнча окуңуз: 13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.