Бишкектин экс-вице-мэри Азат Узаков эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азат Узаков соттук териштирүү аяктаганга чейин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул маалыматты «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Узаковдун баш коргоо чаарсы 29-августта өзгөртүлдү. Экс-вице-мэрдин бошотулушуна ага тагылып жаткан айыптын башка беренеге өзгөргөнү себеп болду.

«Тергөө учурунда Узаковго “Коррупция”, башкача айтканда өзгөчө оор кылмыш беренеси менен айып тагылган. Тергөөнүн жыйынтыгында “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөртүлдү, бул анча оор эмес кылмыштын түрүнө кирет», — деп түшүндүрүштү соттон.

Райондук соттон Узаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүдө туруктуу жашаган жери, үй-бүлөсү, жашы жете элек балдары бар экени жана документтери жайында болгону дагы эске алынганын белгилешти.

Узаковго корголгон иш

Узаков мектеп курууга багытталган бюджеттик каражатты кымырып алууга шектелип 18-февралда кармалып, эки айга камакка алынган. Аны менен чогуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин бөлүм башчысы А.Э.Ж. жана «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын башкы директору Гүлзат Токтобекова кармалып, алар да эки айга камакка алынган.

Узаков өкмөттүн аппаратында курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүн жетектеп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын сүрөмөлөө максатында коррупциялык схема уюштурууга шектелген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепти курууда Узаков бир нече жолу «ГлавПроектСтрой» ЖЧКсынын кызыкчылыгын колдогон. Жыйынтыгында тендердик мыйзамдардын талаптары жана курулуш ченемдери бузулуп, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 10,8 миллион сомду түзгөн.

16-июлда Биринчи май райондук соту Узаковду 18-августка чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алуу чечимин чыгарган.

Азат Узаков вице-мэрлик кызматка 2021-жылдын 3-сентябрда дайындалган. Ага чейин президенттик администрацияда иштеген. 2022-жылдын 12-мартында ал ээлеген кызматынан бошотулган.

Тема боюнча:

Бишкектин экс-вице-мэри Азат Узаков 18-августка чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот