Бишкекте эркек киши жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

Бишкек шаарында эркек киши жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Рузиевдин айтымында, жабырлануучунун апасы милицияга 2020-жылы кайрылып, күйөөсү жашы жете элек кызына бир нече жолу ыдык көрсөткөнүн билдирген.

Бирок ал убакыттан бери укук коргоо кызматкерлери ишти «бир нече жолу токтотушкан». Милиция кызматкерлери атайын экспертизада кыздын сөздөрү тастыкталбаганына таянышкан — анда экспертиза «кыз атасына жалаа жаап жатат» деп көрсөткөн.

Ал эми укук коргоочу кыз 2022-жылы Стамбул протоколунун негизинде психологиялык-психиатриялык экспертизадан жана соттук-медициналык экспертизадан өткөнүн белгиледи. Анын жыйынтыгында «кыз чындап эле атасы тарабынан ыдык көргөнү» аныкталган.

Рузиев буга байланыштуу кыздын апасы кылмыш ишин кайра козгоп, азыр эркиндикте жүргөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылып жатканын белгиледи.

Укук коргоочунун айтымында, буга чейин аял өзү дагы күйөөсү жана кайын энеси тарабынан зомбулукка кабылган.

«Биз президентке, башкы прокурорго жана ички иштер министрине бузулган укуктарды кайра калыбына келтирүү боюнча арыз менен кайрылдык», — деди ал.

Ал эми Бишкек ШИИБден бул окуя боюнча 5-сентябрда комментарий берүүнү убадалашты.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Тема боюнча:

«Жумуштан сырткары убакта болгон». Бийлик 13 жашар кыздын окуясына кандай реакция кылган?

Айтбекова: Зомбулукка кабылгандарга жардам берүү жарандык коомдун эле эмес, мамлекеттин иши

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.