Нарын: Активисттер киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу митингге чыгышты

7-сентябрда Нарын облусунун активисттери Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу тынчтык митингин өткөрүштү. Алар бийлик өкүлдөрүнөн кыздын өлүмүн тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү катуу жазага тартууну талап кылышты.

Акциянын катышуучулары шаардын борбордук аянтына чогулуп, тургундарды айымдарга карата зордук-зомбулукка каршы болууга үндөп, митингдин резолюциясына кол топтошту.

Алар «Мен коопсуз өлкөдө жашагым келет», «Балдар — биздин келечегибиз», «Аял — үйдүн куту» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушту.

«Акыркы учурда өспүрүмдөр менен аялдардын зордукталышы, өлүмү кескин көбөйүп кеткени тынчсыздандырат. “Балдар биздин келечегибиз”, “аял — үйдүн куту” дейбиз, бирок андай болбой эле, тескерисинче аял менен балдарга зордук-зомбулук күчөп жатат. Анын себеби кылмышкерлерге жазанын жеңилдиги же такыр эле жоктугу деп билебиз», — деп белгилешти активисттер.

Резолюцияда төмөнкү талаптар коюлду:

  • сексуалдык зомбулук жасагандарга, педофилдерге жазаны катаалдатуу;
  • сексуалдык, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жасагандарга жана зомбулук өлүм менен аяктаган учурда кылмышкерге амнистия шартын карабоо;
  • Жогорку соттун пленумунда аталган кылмыштарды жасагандарга аёсуз жаза берүү маселесин карап, сотко тапшыруу;
  • эркектерге жана өспүрүм балдарга мектепте, окуу жайларда жана ЖМК аркылуу тарбия багытындагы материалдарды сапаттуу иштеп чыгып, үзгүлтүксүз жеткирүү.

Активисттер митинг үч күнгө созуларын айтышты. Ал эми резолюцияны президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго жана акыйкатчы Атыр Абрахматовага жолдошорун кошумчалашты.

14 жашар кыздын киши колдуу болушу

4-сентябрда Кадамжай райондук милициясына Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош — Раззаков унаа жолундагы сел өтүүчү тоннелден белгисиз кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине келген милиция кызматкерлери кыздын колдору артына байланганын, мойнунда жип менен муунтудан калган издер бар экенин аныкташкан.

Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 5-сентябрда кыздын өлүмүнө шектелип 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган Кадамжай районуну үч тургуну кармалган. Алар Ош шаарындагы ТИЗО-5ке камакка алынган.

Бул кылмыш иш президент Садыр Жапаровдун да көзөмөлүндө турат. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «айыпталуучулар өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн» экенин белгилеген.

Тема боюнча:

Башкы прокуратура: 14 жашар кызды өлтүрүүгө шектелгендер өмүр бою эркинен ажырашы мүмкүн