Садыр Жапаровдун Камчы Көлбаев менен байланышы бар делген Рой Азим менен түшкөн сүрөтү тарады

Kaktus Media басылмасы президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Орозахун Сайдазимов (Рой Азим) менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Басылмадан сүрөт «редакциянын колуна» келип түшкөнүн билдиришти. Сүрөттөн президенттин депутат кудасы Акылбек Түмөнбаевди дагы көрүүгө болот. Сүрөт кай жерде жана качан тартылганы — белгисиз.

Акылбек Түмөнбаев, Садыр Жапаров жана Рой Азим. Сүрөт: Kaktus Media.

Президенттин администрациясы Жапаровдун Рой Азим менен түшкөн сүрөтүнө эч кандай комментарий бере элек.

Kaktus Media маалымат булактарына таянып, президенттин кортежи үчүн 2021-жылкы Chevrolet Suburban жолтандабастарын Рой Азим тартуулаган ыктымал экенин билдирди. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысынын Коопсуздук кызматына жолтандабастарды чет элдик өнөктөштөр бергенин айткан, бирок алар кимдер экенин ачыктаган эмес.

Бирок Султанбаев Kaktus Media’нын машианаларды Рой Азим тартуулаган деген маалыматын четке каккан.

Рой Азим тууралуу эмне белгилүү?

Орозахун Сайдазимов (Рой Азим) кыргыз жараны. Ал Чүй облусунун Чалдовар айылында туулуп-өскөн.

Кыргыз ЖМКсы Рой Азимди кайрымдуулук менен алектенген меценат деп атайт. «Турмуш» басылмасы ал Беловодск айылындагы майып балдардын жатак-мектебин карамагына алганын жана өзү туулуп-өскөн Чүй облусунун Чалдовар айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүп келерин жазган.

Алтургай Чалдовар айылындагы көчөлөрдүн бирине меценаттын атын ыйгарышкан, ал көчөнүн муктаждыктарына дагы Рой Азим өзү акча бөлөт.

Иликтөөчү журналисттер 2022-жылдын башында Рой Азимдин Швейцариянын ири Credit Suisse банкында эсебин табышкан. Азимдин банктык эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин иштеп, андагы эң көп каражат 11,6 миллион АКШ долларын түзгөн.

OCCRP’нин иликтөөчү журналисттери Рой Азим — «Орусия жана Борбор Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланыштары бар ишкер», ошондой эле, Кыргызстандагы эң белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен тааныштыгы бар экенин жазышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, Рой Азим Көлбаевдин жакындарынын бири менен иш алып барат.

Тема боюнча:

Credit Suisse'тин сырлары: Кыргызстандык Рой Азимдин эсебинде 11 миллиондон ашык АКШ доллары болгон