Коомдук тамактануучу жайларда 50% ата мекендик алкоголь сатылсын деген талап жок

Коомдук тамактануучу жайларда сатылган ата мекендик өндүрүшчүлөр чыгарган суусундуктардын үлүшүн 50%га жеткирүү талабы алкоголсуз жана салкындатуучу суусундуктарга гана тиешелүү, алкоголдук ичимдиктерге тиешелүү эмес. Бул тууралуу «Клоопко» Экономика министрлигине караштуу соода-сатык саясатын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Жусумалиев билдирди.

Министрлер кабинети коомдук тамактануучу жайларды салкындатуучу суусундуктарын жана алкоголдук ичимдиктердин ассортиментине 50%дан кем эмес ата мекендин өндүрүүчүлөр чыгарган продукцияны киргизүүгө милдеттендирүүнү көздөп жатканы өкмөттүн август айындагы № 560 токтомунан улам белгилүү болгон. Токтом «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө» деп аталат. Экономика министрлиги бул мыйзам долбоорун 7-августта коомдук талкууга чыгарган. Талкуу мөөнөтү 6-сентябрда аяктады.

Токтом долбоорунун өзүндө бир гана алкоголсуз ичимдиктер тууралуу сөз болгон, ал эми маалымкат-негиздемеде алкоголдук ичимдиктер да белгиленген.

Бул рыноктун катышуучулары менен эксперттерди кооптондурган. Алар өкмөттүн демилгеси коомдук тамактануучу жайлар рыногуна зыянын тийгизип, өздөрү өндүргөн ичимдиктерди Кыргызстанга экспортторгон ЕАЭБ боюнча өнөктөш өлкөлөр менен конфликттерге алып келиши мүмкүн деп болжошкон. Анткени бул кадам алардын өлкөгө кирүүсүн чектейт.

«Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму жана ЕАЭБге мүчө. Анын алкагында ата мекендик товарга салыштырмалуу импорттук товарды дискриминациялоо жана импорттук жана ата мекендик товарларга атаандаштыктын бирдиктүү эрежелерин киргизүүгө болбойт», — деди Tazabek басылмасына берген интервьюсунда экономист Азамат Акенеев. Анын айтымында, Экономика министрлигинин бул демилгеси азыркы абалында коррупциялык схемаларга шарт түзөт.

Акенеевдин айткандарын JIA бизнес-ассоциациясынын экс-жетекчиси Руслан Акматбек да колдойт.

«Экономика министрлиги рыноктогу процесстерге кийлигишүүсүнө зарылчылык деле жок. Кардар эмнени сатып аларын өзү чечиши керек. Текчелерде турган ичимдиктердин 50%ы ата мекендик экенин ким текшерип чыгат? Кезектеги мамлекеттик органбы? Бул дагы текшерүүлөр болот дегендик, ал эми бизде текшерүүлөр башталса эле эмне болорун билесиздер. Коррупция калыптанышы үчүн өбөлгө түзүлөт», — деп жазды анын айткандарын Tazabek басылмасы.

Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун айтымында, мыйзам бир кылка мүнөздө эмес.

«Бир четинен, ал ата мекендик өндүрүүчүлөргө жардам берүүгө багытталган, экинчи жагынан дистрибьюторлордун ишмердүүлүгүнө кысым», — дейт ал.

Азамат Акенеев да мыйзам долбоорунда алкоголь тууралуу сөз болбой, негиздеме-маалымкатта белгиленгени нормалдуу эмес деп эсептейт.

Бирок Экономика министрлигинин соода-сатык бөлүмүнүн жетекчиси «Клоопко» токтом долбоорунда алкоголь тууралуу сөз болбой, ал эми маалымкат-негиздемеде жазылып калышы «техникалык ката» деп ишендирди.

Анын айтымында, документ жергиликтүү бизнести колдоого багытталган. Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде долбоор коомдук тамактануучу жайларда ата мекендик товарларды сатууга ылайыктуу шарттарды түзүүгө жана адилеттүү атаандаштык чөйрөнү камсыздоо үчүн керектиги айтылат.

Мыйзамдын демилгечилери 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу жергиликтүү бизнеске белгилүү мүмкүнчүлүктөрдү бергенин, бирок ошол эле учурда продукцияны ички рынокко таратуунун барьерлерин төмөндөтүп, атаандаштыкты жогорулатканын белгилешүүдө. Алар ошондой эле «дүйнөлүк жана аймактык факторлордон улам сомдун туруксуздугу ата мекендик товарлардын тышкы да, ички да рынокто атаандаштыкка туруштук берүүчүлүгүн төмөндөтүп жатат» деп кошумчалашты.

Маалымкат-негиздемеде киргизилген оңдоп-түзөөлөр Кыргызстандын ЕАЭБ жана БСУ (Бүткүл дүйнөлүк соода уюму) алдындагы милдеттерин бузбай турганы айтылат.

Ага карабастан, Жусумалиев «Клоопко» коомдук талкуудан кийин мекеме бир катар эскертүүлөрдү алганын айтты. Ошондуктан мыйзам долбоору же кайра иштелип чыгат же артка чакыртылат.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизген. Ал 2022-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болгон. Эгер минкабдын «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө» №560 токтому учурдагы абалында кабыл алынса, бул ата мекендик алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчүлөр үчүн рыноктук эмес артыкчылыктарды берет.

Жапаровдун администрациясынан жарлыктын максаты — этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу, аткезчиликке жана жасалма продукцияны өндүрүүгө бөгөт коюу, ошондой эле салык төлөмдөрүн камсыз кылуу деп түшүндүрүшкөн.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт: Unsplash / CHUTTERSNAP.