Садыр Жапаров Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Президенттин аппаратынан Жапаров ачкычтарды Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда ташырганын билдиришти.

Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп жатып, өлкө башчысы Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегендердин эмгек акысы көбөйгөнүн, айлык маянага кошумча төлөмдөр кошулганын ошондой эле пенсиялар жогорулаганын айтты.

«Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу үчүн, албетте, үстүндө үйү болушу керек. Жарандарыбыз баш калка үчүн Бишкектин айланасын тегерете канчалаган жерлерге үй салып, жаңы конуштар пайда болду. Ал эми чек арачы — аскер кызматчыларыбыз ар дайым Мекен чегин көздүн карегиндей кайтаруу менен алек болуп, үй салууга чолоосу жок эле», — деди Жапаров.

Президент 36 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн турак-жай курууга мамлекеттик бюджеттен 100 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатат.

«Буюрса, келечекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын бардык жеке курамдарынын маянасын көтөрөбүз», — деди ал.

Президент 70 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн салынган көп батирлүү турак үйдүн жатаканасынын эски имаратын реконструкциялоонун долбоору менен таанышып, реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнү тапшырды.

Андан ары Жапаров УКМКнын Чек ара кызматынын башкармалыгынын учурда реконструкциясы аяктап калган имараты менен таанышты. Имаратты калыбына келтирүү 2022-жылдын августунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.

2022-жылдын августунда Садыр Жапаров Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырган. Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Ал болгону 1,5 жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 АКШ долларын түзгөн.

2022-жылдын сентябрында Мамлекеттик сатып алуулар порталында Таласта УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй куру боюнча тендер жарыяланган. Порталдын маалыматына ылайык, пландалып жаткан сумма — 91 млн 378 миң сомду түзөт. Сынакка билдирүүлөрдү берүү мөөнөтү — 30-сентябрга чейин. Техникалык спецификада, үй беш кабат болот, толук бүткөрүлүп берилет деп айтылат.