Таласта 91 млн сомго УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курулат

Таласта УКМКнын кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курулат. Мамлекеттик сатып алуулар сайтында тендерди Улуттук коопсуздук комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгы жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, пландалып жаткан сумма — 91 млн 378 миң сомду түзөт. Сынакка билдирүүлөрдү берүү мөөнөтү — 30-сентябрга чейин. Техникалык спецификада, үй беш кабат болот, толук бүткөрүлүп берилет деп айтылат.

УКМКнын кызматкерлери үчүн үйлөр жана кызматтык имараттар

Бийлик УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатат. Президент 24-августта Бишкекте комитеттин кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырып жатып, улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгилеген.

«Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек», — деп айткан Жапаров.

Бийлик 2021-жылдын июль айында күч түзүмдөрүнө деп Жалал-Абадда да үй курууну пландаган. Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев курулушка мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөйт деп билдирген.

Ал эми 2021-жылдын сентябрынан тарта бийлик тарабынан республиканын ар кайсы облусунда УКМКнын жаңы имаратын ача баштаган. Биздин эсеп боюнча, ошол убактан бери атайын кызматтын кызматкерлерине деп жалпы 11 имарат салынган.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда;

Ош облусунун Алай районунда;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда;

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында;

Ош облусунун Өзгөн районунда;

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда;

Талас облусунун Манас районунда;

Бишкек шаарында;

Бишкек шаарында;

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда;

2022-жылы 3-мартта Бишкекте УКМКнын академиясынын курулуш башталган.

Ошондой эле, 2022-жылы «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн Фонд Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

Дагы окуңуз: 27 жыл ичинде бюджеттик жумушчуларга батирлерди кандай бөлүштүрүшкөн?