Баткенге барсаңыз көрүү керек болгон кызыктуу ТОП-8 жай

Баткен өлкөдөгү дээрлик эң кичүү облус. Тажикстан менен чектешкен бул аймактын атын укканда алгач эле байма-бай катталып турган чек ара чырлары ойго келет.

Ал эми бул материалда биз өрүкзарлуу Баткендин көрүш керек болгон кызыктуу жайлары тууралуу айтып беребиз.

Айгүл гүлү

Сүрөт: Зафер Динчер

Аталган облустун символуна айланган гүл өскөн Айгүл таш шаардан 17 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Анын гүлдөө мезгили апрелдин ортолорунда башталып, эки жумага созулат. Ушул мезгилде барсаңыз болот.

Бул мезгилде айгүлдү көрүүгө күнүнө 500дөй зыяратчы келет. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, анын уругу жети жылда жетилип, андан соң гүл ача баштайт. Ал эми коңгуроосунун саны гүлдүн жашын билдирет. Айгүл Кызыл китепке киргизилген.

Гүлдү Кара-Булак айлынын мектеп окуучулары өз ыктыяры менен кайтарууга алышкан. Дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү айгүлдүн үзүлгөн ар бир талына 300 сомдон айып пул салынат.

Төрт-Гүл суу сактагычы

Сүрөт: Kloop

Суу сактагычтын көлөмү 90 млн кубметрди түзөт, ал эми узундугу 5 км. Аталган суу сактагыч Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Төрт-Гүл Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Сары-Тоо 

Сүрөт интернеттен алынды

Бул өзгөчө тоо Баткен районунун Самаркандек айылында жайгашкан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мурда бул жерде Сармат деңизи болгон. Кийинчерээк ал кургап калган. Бул жерден байыркы деңиз кабыктарын, 485 млн жыл мурун өскөн өсүмдүктөрдүн калдыктарын көрүүгө болот.

Мындан сырткары, тоо түркүн түстөгү гүлдөргө толуп, агарган таштар, көк асман биргелешип, өзгөчө керемет көрүнүштү берет. Ал жакка жолду жакшы билген айдоочу менен баруу сунушталат.

Жылуу суу 

Сүрөт «Салам Медианын» репортажынан скриншот жасалды

Жылуу суу Баткен облусунун Зардалы айыл аймагында жайгашкан. Тоонун ортосунда аккан суу аты айтып тургандай жылуу болуп, ден соолукка пайдалуу экени айтылат. Аталган сууга бир адам араң бата турган тоо боорундагы жарды бойлогон жол менен гана барууга болот. Мындан сырткары, аталган жайда тоо боорундагы дарыя агып, өзгөчө пейзаж жаралат.

Муз Булак 

Муз Булактагы скульптуралардын бири. Сүрөт «Азаттыктын» репортажынан скриншот жасалды

Бул корук облустун Кара Булак айылында скульптор, жазуучу Мурзапар Үсөн тарабынан 20 жыл мурда курулган. Скульптор киши баспаган тикен талаасын жасалгалап, андагы дарылык касиети бар булактардын көзүн тазалаган. Ошондой эле ар кандай скульптураларды жасаган. Бул жакка жергиликтүүлөр ар кандай тилектерин ишке ашыруу максатында барып, сыйынышат.

Ай-көл 

Сүрөт интернеттен алынды

Баткен облусундагы Саркент улуттук жаратылыш паркынын аймагында 3000 метр бийиктиктеги көл. Ал Памир-Алайга кирген Түркестан тоо-кыркаларында жайгашкан. Аты айтып тургандай эле анын формасы айга окшош. Бирок көл жээгине барып, аны жакындан көрүүгө мүмкүн эмес.

Антени ал бийик аска-зоолор менен курчалып турат. Көлдүн кооздугун бийиктиктен гана көрүүгө болот. Кереметтүү көл кышында толугу менен тоңуп, жаз мезгилинде ээрийт. Көлгө күчтүү унаа менен баруу сунушталат.

Кан-и-Гут үңкүрү 

Сүрөт: Too.kg

Баткендин түштүк жагында жайгашкан. Ал облуста чоң маданий жана тарыхый мааниге ээ. Алгач бул үңкүрдө күмүш кени болгону айтылат. Too.kg маалымат булагына ылайык, бул кенди 1 500 жыл казып келишкен жана бүгүнкү күнгө чейин үңкүрдүн реалдуу көлөмү тактала элек.

2017-жылы үңкүрдүн жарымы изилденген, анын учурдагы узундугу 6 чакырымды түзөт. Үңкүрдүн ичинде байыркы элдердин калтырган жазуулары, кенди казуу жумуштарынын калдыктары сакталган.

Каравшин капчыгайы

Cүрөт: Maral FM

Ал Баткендин батышында Түркестан тоо кыркаларында жайгашкан. Бул жердеги тоолордун бийиктиги 5 500 метрди түзүп, жолу абдан татаал. Кыргызстанда жана альпинисттердин арасындагы белгилүү «Пирамида» чокусу дал ушул тоо кыркаларында жайгашкан. Капчыгайдын жаратылышы өзгөчө кооз.