Курманкул Зулушев Бакиев тууралуу: Эрки жетсе келип көрсөтмө берсин

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 10-сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда бозгун президент Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты.

Жолугушууда тургундардын бири Зулушевдин Бакиев боюнча позициясына кызыкты. Тургун бозгун президент акыркы интервьюларында күнөө жоктугун, кыргыз тергөөчүлөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө даярдыгын айтканын белгиледи.

Зулушев тургундун суроосуна Бакиевге карата козголгон кылмыш иштери боюнча соттун өкүмү бар экенин айтып жооп узатты.

«Курманбек Салиевич боюнча, кылмыш иштер боюнча соттун өкүмү чыккан билесиздер. Мына биз азыркыга чейин [Беларустан] ал мамлекеттен [экстрадиция боюнча] эч кандай жооп ала албай жатабыз (Бакиев 2010-жылдагы революциядан кийин Беларуска качып, ал жакта кыргыз бийлигинен жашырынып жүрөт — ред.). Эгер келип, ошого эрки жетип, ачык сот кылам, тергөөгө көрсөтмө берем десе эч ким тоскоолдук кылбайт ага. Келсин, тергейбиз, ал эми иш боюнча өкүм чыккан да», — деди башкы прокурор.

Бакиев 2022-жылдын июль айында чыккан «Жаңы Ордо» гезитине курган маегинде өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча кыргыз тараптын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

«Эгерде сот процессин азыркы бийлик колдосо, макул болсо, мен бир адвокат жалдайм, Кыргызстандан. Мага койгон кылмыш иштери менен таанышып чыксын. Сот процессин ачык өткөрөлү. Мен бул жерден туруп, видеобайланыш аркылуу, ачык сот процессин өткөрсүн, экрандарды кааласа көчөгө койсун, сот ичине койсун. Каалаган суроолорун берсин, мен жооп берейин. Мен акталышыма 100 пайыз ишенем», — деген ал.

Бакиевдин башкаруусу

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келген. Бакиев башкарып турган мезгил саясий негизде адам өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик жоругу, авторитаризм, журналисттерди коркутуу жана өлтүрүүлөр менен белгилүү.

2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында Бакиев тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Белорусияга качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.

2016-жылы сот бозгун президент Курманбек Бакиевди апрель ыңкылабы боюнча сыртынан 30 жылга эркинен ажыратып, издөө жарыялаган. Иниси Жаныш Бакиев сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, уулу Максим мүлкүн кофискациялоо менен сыртынан 25 жылга кесилген.

Кыргызстан он жылдан бери мурдагы президентти жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялоо аракетин жасап келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

2022-жылдын августунда Башкы прокуратура Беларус бийлиги Курманбек Бакиевди «саясий себеп менен куугунтукталып жатат» деп эсептегендиктен Кыргызстанга өткөрүп бербей жатканын билдирген.

Тема боюнча окуңуз: Бозгун президент Бакиев тактан кулатылышынын артында Орусия турушу мүмкүн деп эсептейт

Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты