Ысык-Атада аялын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Ысык-Ата районуну Красная речка айылында тургун аялын сабап өлтүргөн. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

ОИИБдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын 11-сентябрында милицияга Ысык-Ата райондук ооруканасында 33 жаштагы келин каза тапканы кабарланган. Оорукананын маалыматына ылайык, жабыркаган аял денесинен оор жаракат алган абалда жандандыруу бөлүмүнө келиш түшкөн, бирок көпкө узабай эле көз жумган.

«Тергөө маркумдун күйөөсү спирт ичимдигин ичип келип, аялынын денесине залал келтирип, ал өлүмгө дуушар кылганын аныктады», — деп билдиришти милициядан.

Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Amnesty International эл аралык укк коргоочу уюму 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.