Ысык-Көлдө милиционер аялы менен кайнежесин он жылдан бери сабап жүргөн деп шектелүүдө

Түп райондук милициясынын кызматкери он жылдан бери аялын сабап жүргөн деп шектелүүдө. Маалыматты «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга августтун аягында арыз жазган. Азырынча күйөөсү эркиндикте жүрөт.

«Шектүү офицердик наамын бул окуяга чейин алган. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кылмыш ишин козгоо чечими экспертизанын корутундусунан кийин кабыл алынат. Ошондой эле юридикалык баа берилет», — деп билдиришти милициядан.

Мекемеден милиционердин үстүнөн кайнежеси да арыз жазып, кол көтөрүүгө айыптаганын кошумчалашты.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгер сиз же жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабылса төмөнкү кризистик борборлорго кайрылсаңыз болот.

Кризисттик борборлордун даректери:

«Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;

«Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640

«Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960

«Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423

«Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777

«Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976

«Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461

«Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890

«Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713

«Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077

«Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084

«Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;

«Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550

«Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637

«Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.