Ош: Аялын сабаганы үчүн жумуштан алынган милиция кызматкери кызматына кайтарылды

Буга чейин президентке арызданган милиция кызматкери Чубак Сыргакбек уулу кызматына кайтарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБнен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Сыргакбек уулу 6-сентябрдан тартып жумушка киришти. Аны кызмат ордун калыбына келтирүү боюнча чечимди Ош облустук соту чыгарган.

Чубак Сыргакбек уулу 30-августта жаңы жетекчи Жеңишбек Абитов аны кызматтан мыйзамсыз алганын айтып президентке кайрылган.

«Абитов жетекчиликке келгенден кийин өз кызыкчылыктары үчүн буйрук бере баштады. Мен бул буйруктарга баш ийбей, мыйзам чегинде иштегеним үчүн жактырышпайт [...] Абитов мени жеке кабыл алып, “иштен кетирем, сени жок кылам, эгерде өз ордуңда иштегиң келсе, эмне кылыш керек экенин билесиң да” деп акчанын бир четин айткансыды», – деп билдирген ал.

Анда ал Ош облустук ИИБнин ага карата чечимине даттанып шаардык сотко кайрылган. Сот кызматтан кетүү тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп таап, мурунку ээлеген кызматына кайтарылсын деген чечим кабыл алган. Бирок, анын айтымында, сот чечими аткарылбай келет.

Өз кезегинде Ош ОИИБнин басма сөз кызматы лейтенант Сыргакбек уулу 2021-жылы июнь айында кызматтан бошотулганын, буга жубайы жана жашы жете элек баласын урганы негиз болгонун билдиришкен. Милициядан аталган факты боюнча Кара-Суу РИИБде «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын кошумчалашкан. Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу жабырлануучу жана анын уулунун ден соолугу кыска мѳѳнѳткѳ бузулушуна алып келген жеңил жаракат алганын көрсөткөн.

Бирок мурунку милиционердин аялы журналисттерге бул маалыматты төгүндөп, бул факты боюнча тергөө эбак токтотулганын билдирген.

Аны менен катар, аял Ош ОИИБи аталган ишке байланыштуу болгон сүрөттөрүн анын уруксаты жок таратканын белгилеген. Сүрөттө келиндин денесинде көгала тактарды көрүүгө болот. Келин кулап түшкөндө көгөрүп келгенин айткан.

Сыргакбек улуу бул иш боюнча анын күнөөсү далилденбегенин баса белгилеген. Ал укук коргоо органдары жалган маалымат таратып, төрт баласы менен жубайын «ажыраштырууга аракет кылып» анын жеке жашоосуна кийлигишкенин белгилеген.