Чек ара кызматы: Тажик тарап келишимди бузуп, кайрадан ок чыгарууда

УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрда саат 11:15ке карата тажик тарап ок атпоо келишимин бузуп, Достук айылына кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул жолу алар үч миномёттук экипаж менен Баткен районунун Достук айылын көздөй аткылашууда.

Басма сөз кызматынан Кыргызстандын аскер күчтөрү тажик тарапка жооп кайтара жатышканын кошумчалашты.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирген. Бирок саат 09:00гө карата абал «чыңалуу» бойдон сакталып турган.

Чек арадагы атышуу

Тажикстан менен чек арадагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда куралдуу кагылышуу Баткен облусунун үч аймагында башталган. 15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирди. Бирок саат 09:00гө карата абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кол салуунун кесепетинен 103 адам жарадар болуп, кеминде 24 адам каза тапканын кабарлады.

Тема боюнча:

Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарды

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология