Чек арадагы атышуунун кесепетинен 24 киши каза таап, 103 адам жарадар болду

УКМКнын Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн билдирди. Бирок саат 09:00гө карата абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин 17-сентябрь, саат 01.30га карата маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кеминде 24 адам каза тапты. Алардын 12си Баткен облустук бириккен ооруканасына, 10у Лейлек районундагы бейтапканага, экөө Кулунду айылындагы мекемеге жеткирилген.

Министрликтин акыркы маалыматына ылайык, кол салуунун кесепетинен 103 адам жарадар болду.

Коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундар. Сүрөт: ӨКМ

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 136 миңден ашык адам коопсуз жайга көчүүгө аргасыз болгонун белгилешти. Алардын көпчүлүгү Баткен, Лейлек райондорунун жана Баткен, Раззаков шаарларынын тургундары.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылынын 2 800гө жакын тургуну дагы эвакуацияланганы айтылды.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда, кыргыз Чек ара кызматырын маалыматы боюнча, Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салганын айткан. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленген. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын билдирген.

Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетишкен.

Ал арада активисттер Бишкектеги Ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология

УКМК: Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат