КР Чек ара кызматы: Тажик тарап эки кыргыз мектебин басып алган

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда Кыргызстандын эки мектеби басып алынган. Бул тууралуу «Клоопко» Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Буга чейин соцтармактарда имараттын чатырына Тажикстандын желегин орнотуп жаткан кишинин видеосу тараган. Соцтүйүндөрдүн колдонуучулары видеодогу мектеп Тажикстандын Ворух анклавы менен чектешкен Кыргызстандын Ак-Сай айылындагы мектеп экенин болжошкон.

«Клооп» бул маалыматты текшерип, аталган имарат чындап эле Ак-Сай айылындагы мектеп экенин аныктады, видеодон мектептин аталышын көрүүгө болот.

Жарыяланган видеодогу кадрларда мектептин кире беришине илинген тактада «Б.Ходжаев атындагы» деп жазылып турганы көрүөт. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аталган мектеп Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айылында катталган. Чек ара кызматы видеодогу имаратты Достук айылындагы мектеп деп билдирген. Бирок 19-сентябрь күнү мекеме аталган мектеп Ак-Сай айылына караштуу экенин моюндады.

«Видеодо чындап эле Ак-Сайдагы мектеп экен. Бирок ошол күнү [16-сентябрлда] биз ал мектеп Ак-Сайдагы мектеппи же жокпу тастыктай алган жокпуз, анткени кагылышуулар болуп жаткан. Ошондуктан тастыкталган гана маалыматты [Достук айылындагы мектептип басып алынганы тууралуу] бергенбиз. Кийинчерээк тажик тарап аталган эки айылдын тең мектебин басып алганы белгилүү болду», — деп түшүндүрдү Бөрүбаева.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Баткен районунда сегиз мектеп жана бир бала бакча зыян тарткан.

Бөрүбаеванын айтымында, тажик тарап Достук айылында бир жарым суткадай болгон.

«Алар бир күндөн ашык убакыт ал жерде болуп, кийин кетишти. Алар чек арачылар эмес болчу. Мүмкүн арасында Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болгондур, бирок негизинен туруктуу аскердик түзүмгөт тиешеси жок, кара кийимчен куралчандар эле. Башкача айтканда, аскер кызматкерлери эмес, жөн гана колуна курал алган кишилер болчу», — деди басма сөз катчы.

Бөрүбаева тажик тарапка жаңжалга согушкерлер катышканы тууралуу маалымат жиберилгенин кошумчалады.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 19-сентябрга карата маалыматтарга ылайык, 59 киши курман болуп, 160тан ашык адам жабыркаганын кабарлады.

Кыргызстандын ӨКМден Баткен облусунун бир нече айылдарынан 130 миңден ашуун адам эвакуацияланганын, ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5301 киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдиришкен. Баткен облусуна 209 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Тажикстандын ТИМдин алдын ала маалыматтарына ылайык, тажик тараптан 41 адам каза болуп, эң аз дегенде 28 киши жабыркаган.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.