Дубнов: Кыргыз-тажик чек арасындагы башаламандык жергиликтүү төбөлдөр менен аткезчилерге керек

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы башаламандык таасир көрсөтүү, баңгизат жана аткезчилик маршруттарын сактап калуу үчүн жергиликтүү авторитеттерге пайдалуу деп эсептейт Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов. Ошондуктан, анын пикиринде, компромисс табылган күндө деле абалды баары бир деле азыркы калыбына алып келүү аракеттери болот.

«Мен бул жаңжал эмне себептен чыкканы же максаты эмне экени тууралуу бир да жолу коомчулукка айтылганын көрбөдүм», — деп билдирди Аркадий Дубнов Орусиянын РБК басылмасына. Ал мурда Кыргызмтан менен Тажикстандын ортосунданы чек ара чырлары жергиликтүү калктын чырларынан чыгып келгенин эске салды. Бул жолкусун «[тажик тараптан] бир да жемелөө жок».

«Ошондуктан бул иш-чаранын жалгыз максаты — башалмандыктын жетишерлик жогорку деңгээлин кармап туруу, ал таасирди көрсөтүү, баңгизат жолдорун сактап калуу үчүн жергиликтүү авторитеттерге керек. Ал эми аймакта адам өмүрү эч бир нерсеге татыбагандыктан, ага көз деле жумуп коюшат», — дейт Дубнов.

«31 жыл аралыгында өлкөлөр ортосунда бул өңдүү 150 кагылышуу болду жана үстүбүздөгү жылы эле 5 жаңжал болду. Мунун өзү эле болуп жаткан окуялардын себептери аныкталбас экенин көрсөтүп турат. Анткени тараптар бири-бирине ресур боюнча да, аймак боюнча да талап койбой жатышат да, дээрлик ар бир кагылышуу жергиликтүү тургундардын ортосундагы таш ыргытуу же аңчылык куралды колдонуу менен тутанган чырлардан башталат», — деп билдирди Дубнов «Коммерсантка».

Бул басылмага курган маегинде Дубнов башаламандык жана чек ара маселесинин жөнгө салынбагандыгы аткезчилик менен алектенип, жергиликтүү калкка жана элитага чоң таасир көрсөтүп жаткан жергиликтүү криминалдык чөйрөлөргө да пайдалуу деп болжогон.

«Мүмкүн болуучу компромисс кандай негизде болушу керектигин да так билбейбиз да. Бирок эгер ал жетишилген күнү да абалды бары бир азыркы калыбына алып келүүгө аракет кылышат — жана аны кылуу оңой эле болот», — деп эсептейт Аркадий Дубнов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш 14-сентябрда башталып, 16-сентябрда кыйла курчуп кеткен. Ок атууга Баткен облусунун чек арага жакын айылдары эле эмес, чек арадан он чакырым алыстыктагы Баткен шаары да кабылган.

Кыргызстандын бийлик органдары Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта бери дегенде 59 киши курман болуп, 198 адам жабыркаганын билдирүүдө. Ал эми Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Кыргыз бийлиги окуяны агрессия жана Тажик тарап уюштурган аскердик кол салуу деп атады. Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптоодо.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 18-сентябрь кечке жуук чек арада абал турукташайын деп калганын билдирген. Ал эми 19-сентябрь эртең менен абал чыңалуу бойдон калууда деп билдирген, бирок ведомство ок атышуу боюнча кабарлаган эмес.