«Баткен биз сени менен». Сеулда жашаган кыргызстандыктар тынчтык акциясына чыгышты

25-сентябрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын агрессиясына каршы тынчтык акциясына чыгышты.

Маалыматка ылайык, акцияга Сеулда жашап, иштеп жаткан 20га жакын кыргызстандык чыккан. Алар «Агрессияны токтот», «Баткен биз сени менен» «Баткенге тынчтык» деген ураандарды айтышты.

Мындан сырткары, митингге чыккандар «Рахмон токтот», «Баткен, биз сени менен!» деп жазылган жана башка плакаттарды көтөрүп турушту.

Кечээ, 24-сентябрда Германиянын Көлн, Франкфурт шаарында жана Чехиянын Прага шаарында жашаган кыргызстандыктар да тынчтык митингге чыгышкан.

Алар Баткендеги чек ара жаңжалына жана анын кесепеттерине тажик бийлигин күнөөлөшкөн. Акцияга чыккандар Кыргызстанга тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталаарын айтышкан.

Тема боюнча:

«Агрессияны токтот». Германия жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар согушка каршы акцияга чыгышты

Кыргыз-тажик чек арасында каза болгон кыргызстандыктардын саны 62ге жетти