Бир видео менен: Бактияр Токторов Малаховдун шоусунда «Буй буй» ырын аткарды

Кыргызстандык ырчы Бактияр Токторов Орусиянын «Песни от всей души» телеберүүсүндө «Буй буй» чыгармасын аткарды. Токторовдун ырдаганы Орусиянын «Привет, Андрей!» шоусунун сайтына чыкты.

«Привет, Андрей!» — Андрей Малаховдун 2017-жылдан бери «Россия-1» телеканалында көрсөтүлүп келе жаткан кечки көңүл ачуучу ток-шоу. 2022-жылы долбоордун уландысы пайда болуп, ал «Песни от всей души» деген аталышта тартыла баштаган.

Буга чейин Малаховдун шоусуна борбор каладагы «Ынтымак» паркында караокеде ырдап таанылган Бегимай Турусбекова да барып катышкан. Ал Уитни Хьюстондун “I Have Nothing” жана Селин Диондун “My Heart Will Go On” чыгармаларын аткарган.

Дагы окуңуз: Италиялык блогер жана плагиатка айыптоо. «Буй буй» ырынын айланасында эмне болуп жатат?