Мэрия: Бишкекте жаңы окуу жылын карата 9 мектеп жана 1 бала бакча курулуп оңдоодон өттү

Бишкекте 1-сентябрдан тартып 9 мектеп жана бир бала бакча пайдаланууга берилди. Алар мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жана оңдолгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкекте бир жаңы мектеп жана бала бакча ачылган. Төрт мектепте оңдоо иши жүргөн, башка үч мектепте жаңы корпустар, ал эми калганында жаңы спортзал ачылган.Тизме:

  • 480 окуучулук орунга ылайыкталган №98 мектеп «Алтын-Ордо» конушунда ачылган;
  • 140 орунга ылайыкталган жаңы бала бакча «Жал-29» кийи районунда ачылган;
  • №99 мектепте курулуш-монтаждык иштери жүргүзүлгөн;
  • №10 жана №76 мектептерде капиталдык оңдоо иши жүргүзүлгөн;
  • №75 мектеп жаңыланган имаратка ээ болгон;
  • №40, №43 жана №6 мектептерге кошумча көмөкчү корпустар салынган;
  • №35 мектепте спортзалы ачылган.

Школы в Кыргызстане

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда. Натыйжада ал жерде окуган балдарга быйыл май айында Чаткалдагы мектептегидей болуп сабак учурунда шыбы урап түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Өлкө бийлиги, албетте, бул маселелерден кабары бар. Мындан үч жыл мурда, 2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Эгер президент Садыр Жапаровдун айткандарына ишенсек, жаңы мектеп имараттарынын жетишсиздигине байланыштуу маселе активдүү чечилип жатат. Апрелдин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.

Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» аталган мектептердин бир бөлүгү жаңы эместигин — алар иштеп аткан мектептердин кошумча корпустары менен спортзалдары экенин аныкташкан.