Кара-Сууда аял сабалып ооруканага түштү, милиция териштирүүнү баштады

Ош облусунун Кара-Суу районунда 39 жаштагы аял сабалып ооруканага түштү. Маалыматты «Клоопко» Ош ОИИБден тастыкташты.

«Турмуш» басылмасы юрист Фарух Абдрахмановго таянып, окуя ушул жылы 14-сентябрда болгонун жазды. Маалыматка караганда, ооруканага түшкөн аял райондун Нариман айыл өкмөтүндөгү мечиттердин биринин имамынын биринчи жубайы болгон, беш баласы бар.

Жолдошу аларга каралашпай келгендиктен аял нааразы болуп жолдошуна жолукканы барган. Бирок аны имамдын азыркы аялы тосуп алып, эки тарап чырдаша кеткен. Юрист Абдрахманов «имам азыр жашап жаткан аялы менен чогуу биринчи аялын сабаганын» белгиледи.

«Киши биринчи аялын кармап берип сабаткан соң жубайы жеңил темир менен башына үч жолу чааптыр. Эси оогон абалга келип калганда аны унаага отургузуп качып чыгышкан. Ал ордунан турганда унаанын чети менен койдуруп, чыгып кетишкен. Коңшулары милиция чакырышкан», — деди ал.

Жабырлануучу милицияга кайрылган соң аны жолдошу ооруканага алып барган. Азыр ал дарыланып жатат.

Окуяны «Клоопко» Ош ОИИБден тастыкташты. Милиция эки тарап тең бири-биринин үстүнөн арыз жазганын айтып, соттук-медэкспертиза дайындалганын белгиледи. Териштирүү уланып жатат.

Кыргызстанда эки же андан көп аял алууга тыюу салынган. Мурда Жазык кодексинде көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган болчу. Бирок бул берене декриминалдаштырылып, азыркы учурда жаза — 100 миң сомдон 140 миң сомго чейин айып төлөө же коомдук иштерге тартууга өзгөртүлгөн.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Араван: Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милициянын орой мамилесине даттанууда

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы