Ошто Баткендеги соңку куралдуу жаңжалга байланыштуу шаар күнү белгиленбейт

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалга байланыштуу Ош шаарынын күнү белгиленбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриядан мындан сырткары бир катар майрамдык иш-чараларды жана салтанаттарды белгилөө да токтотулганын белгилешти.

Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленип келет. Быйыл шаарга 3022 жыл толот.

Өткөн жылы мэрия шаардын 3021 жылдыгын шаан-шөкөт менен белгилеген. Калаа бийлиги иш-чарага 1 млн 770 миң сом сарптаган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 62 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.