Сокулук: Он эки жаштагы бала асынып каза болду

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Раздольный айылында 12 жаштагы баланын сөөгү үйүнүн короосунда асынган абалда табылды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 4-октябрь күнү саат 10:30дар чамасында катталган. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу өспүрүм менен атасынын ортосунда пикир келишпестик болгонун аныктаган.

Милициядан Сокулук РИИБи окуяны каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындаганын белгилешти.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ноокат районундагы Гулистан айылында 15 жаштагы кыз өз үйүнөн асынган абалда табылган.

Облустук милициядан кыз «асынганга чейин кат жазып калтырганын» белгилешкен. Анда «Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген маанидеги сөздөр жазылганы айтылган. Милициядан кыз эмне үчүн мындай кадамга барганын иликтөөнү убадалашкан.