Коргоо министрлиги: Прокуратура өзүн-өзү атып алган аскер боюнча экспертиза дайындады

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы 5-октябрда «Илбирс» спецназынын прапорщиги өзүн көкүрөк тушка атып алганын «Клоопко» кабарлады. Учурда жарадар болгон кызматкер ооруканада жатат — абалы канааттандырарлык.

Башкы прокуратурадан «Клоопко» окуяны Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатканын маалымдады.

«Соттук-медициналык, баллистикалык жана химиялык экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыктарына ылайык юридикалык баа берилет», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Башкы беттеги сүрөт: Жаза аткаруу кызматы.

Тема боюнча окуңуз: Бишкек: Аскердик институтта кароолдо турган жоокер «өзүнө ок чыгарып» каза болгону айтылды

Дагы бир жоокер октон каза тапты. Туугандары аскер өзүн-өзү атып алды дегенге ишенбейт

Аскердик институттагы жоокердин өлүмүнө байланыштуу кароол жетекчиси кармалды