Аскердик институттагы жоокердин өлүмүнө байланыштуу кароол жетекчиси кармалды

Маркум Сыргак Сабырбеков. Сүрөт: Azattyk

Бишкектеги Аскердик институтуна караштуу бөлүктө октон каза болгон Сыргак Сабырбековдун өлүмү боюнча аталган аскер бөлүктүн кароол жетекчиси кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысы Башкы прокуратурага таянып жазды.

Маалыматка ылайык, окуя боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» жана «Кароол кызматын өтөө эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми кармалган кызматкер Бишкек гарнизонуна камакка алынды.

Сыргак Сабырбековдун өлүмү

Бишкектеги Аскердик институтта окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы Сыргак Сабырбеков 18-августта каза болгон.

Коргоо министрлигинен 19 жаштагы аскер кароол кызматында туруп «өзүн атып алганын» билдиришкен. Ал алган жараатынан улам жеринде каза тапкан.

Ал арада Коргоо министри Бактыбек Бекболотов окуя боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, «Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды министрликтин дарегине кошо берүү туура эмес» деп билдирген. Ал «акыркы окуялар — жаш балдардын аскерге даяр эместиги» деп эсептеген.

Ал эми 19-августта президент Садыр Жапаров Бекболотовго катуу сөгүш берген. Сөгүш министр «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» берилгени айтылган, бирок так кандай кемчиликтер экени ачыкталган эмес.

Каза болгон жана сабалган аскерлер

Буга чейин, 17-августта, Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насировдун айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес. Жоокер жүрөк оорудан каза болгону жана толук изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгары кабарланган.

Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.