Бишкек: Аскердик институтта кароолдо турган жоокер «өзүнө ок чыгарып» каза болгону айтылды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектеги Аскердик институтта окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-августта болжол менен саат 22:10до катталган. Министрликтен 19 жаштагы аскер кароол кызматында туруп «өзүн атып алганын» айтышты.

Ал алган жараатынан улам жеринде каза тапкан. Учурда бул факты боюнча Аскер прокуратурасы текшерүү иштерин баштады.

Ал арада Коргоо министри Бактыбек Бекболотов окуя боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, «Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды министрликтин дарегине кошо берүү туура эмес» деп билдирди.

«Тилекке каршы, бул тармактагы ар кыл түзүмдөрдө ушундай терс окуялар болуп кетип жатат. Бул деген азыркы күндөгү жаш балдардын даяр эместигинин көрүнүшү. Буга чейин Кой-Таштагы болгон окуяда жоокерибиз сүйлөшкөн кызы менен келишпегени себеп болгон деген версия каралып жатат. Бирок прокуратура бардык иликтөө иштерин бүткөрүп, аяктамайынча бул версияны да толугу менен айта албайбыз. Бул окуялар боюнча иш козголду. Тилекке каршы, Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөрдө ушундай эки окуя болуп кетти», — дейт министр.

Каза болгон жана сабалган аскерлер

Буга чейин 17-августта Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насировдун айтымында, маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес. Жоокер жүрөк оорудан каза болгону жана толук изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгары кабарланган.

Ал эми июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген.

Биринчи май райондук соту 8-августта Эсенбековдун катуу сабалышы боюнча кылмыш ишин токтоткон. Соттун маалыматына караганда, тараптар элдешкен.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.