Тажикстан кыргыз ТИМнин басма сөз катчысынын сынынан кийин элчи Абдылдаевге нота тапшырды

Тажикстандын ТИМи 7-октябрда Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевге наразылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы маалымдады. Алардын маалыматына ылайык, Абдылдаевге нота кыргыз ТИМнин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустабаевдин тажик президенти Эмомали Рахмон Путин тарабынан орден менен сыйлаганына байланыштуу айткан пикиринен улам тапшырылган.

«Тажик тарап Кыргызстандын ТИМнин басма сөз катчысынын бул сыяктуу пас сөздөрүн саясий маданияттын эрозиясынын далили жана элементардык дипломатиялык этикеттин жоктугу катары баалайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстандын ТИМи Кустебаевдин комментарийи «Кыргызстандын Тажикстанга карата куралдуу агрессиянын чыныгы себептери тууралуу коомго атайлап жалган ойду таңуулоонун олдоксон аракети» болуп эсептелет деп кошумчалады.

Буга чейин Чыңгыз Кустебаев Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо» үчүн сыйланганы таң калычтуу болуп турганын билдирген.

«Тажикстандын президенти буга чейин апрель айындагы Кыргызстанга куралдуу агрессиясынын кийин "эки мамлекет ортосундагы достукка, өз ара түшүнүшүүгө жана кызматташууга кошкон салымы үчүн" деп сыйланганы эсибизде. Азыр эми "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени "аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" деп берилип жатат. Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот», — деген ал.

Мындан кийин Тажикстандын ТИМнин басма сөз катчысы Шохин Самади Фейсбук барагында кыргыз кесиптешине жооп берип, Кустебаевдин айткандары «жол берилгис, дипломатиялык этиканын принциптерине туура келбейт жана оңбос болуу коркунучуна кептейт» деп билдирген.

Самади кыргыз чиновниктери «чагымчыл билдирүүлөрү менен упай топтогусу келип жатат» деп дагы болжогон. Анткен менен басма сөз катчы «Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын жетекчилигинин айткандары менен иш-аракеттерине комментарий бербесин, себеп дегенде кандай гана жаңжал болбосун тынчтык жолу менен чечишип алууну көздөөрүн» кошумчалаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Атышуунун кесепетинен кыргыз тараптан бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай талкаланган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган. Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.