Каракол: Кыз милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирди

Укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында майыптыгы бар кыз милиция кызматкерлери тарабынан сабалганы тууралуу маалыматты твиттер баракчасына жазды.

Рузиевдин айтымында, жабырлануучу баш мээсинен жаракат алып, денеси көгала болгон абалда облустук ооруканага жаткырылган.

Милиция эмне дейт?

Бул боюнча Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы «Клоопко» бул маалыматты четке кагып, окуя болгон күнү аял мас абалында жаңжал чыгарганын билдирди.

Басма сөз кызматы билдиргендей, 6-октябрга караган түнү милицияга «Шашлычный двор» кафесинин ээси кайрылган. Анда кафенин ээсине белгисиз аял мас абалында, себепсиз ага карата орой сөздөрдү айтып, жаңжал чыгарган.

Милиция кызматкерлери ошол эле күнү кечинде окуя болгон жерге барып, Каракол шаарынын 24 жаштагы тургуну коомдук тартипти бузуп жатканын аныкташкан. Медициналык экспертиза анын мас абалында болгонун көрсөткөн.

Тергөө учурунда аял «жаңжал» кылып, тоскоолдук жаратканын айтышкан.

«Ал уят сөздөрдү айтууну улантып, столдун үстүнөн милиция кызматкери Т.К.га тиешелүү iPhone XR телефонун алып, күч колдонуу менен жерге ыргытып жиберген. Жыйынтыгында телефондун дисплейи бузулган», — деп маалымдайт милициядан.

Милициядан бардык процедуралардан кийин аялга ата-энесинин коштоосунда үйүнө кетүүгө уруксат берилгенин белгилешти.

«Милиция кызматкерлеринин бардык аракеттери видеого тартылып алынган, ал жерде эч кандай кол салуу фактысы жок. Тескерисинче, аялдын милиция кызматкерлерине карата адепсиз сөздөрдү айтып, аларды урууга аракет кылган», — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Эртеси Каракол ШИИБге облустук ооруканадан билдирүү келип түшкөнүн басма сөз кызматы билдирди. Аларга денесинен жаракат алган аял келгенин айтышкан.

Бул факты Каракол ШИИБдин электрондук маалымат журналына да катталган.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери белгилегендей, аял Каракол шаарынын прокуратурасына милиция кызматкерлери тарабынан сабалганы тууралуу арыз менен кайрылган. Арыз катталып, прокуратурада каралууда.

Дагы окуңуз: Кыйноолорго каршы улуттук борбор: Оштун милиция кызматкерлери аялды кармап келип сабашкан