Садыр Жапаров: Мен канча убакыт бийиликте отурсам Ташиев дагы ошончо отурат

Президент Садыр Жапаров бийликте канча жыл отурса, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы ошончо отурат деп айтты.

Президенттин айтымында, Ташиев экөөнү уруштуруу максатында иштеген топтор бар. Алар ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатышат.

«Экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, Жапаров досу Ташиев менен эч качан бийлик талашып урушпаганын жана анын буйругун Ташиев так аткарарын кошумчалады.

«Экөөбүздү ”бийлик талашып атат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот», — деди Жапаров.

Жапаров менен Ташиевдин бийликке келиши

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодон кийинки массалык толкундоолордун кесепетинен Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кол жууп, Кубатбек Боронов жетектеген өкмөт отставкага кеткен.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы премьер-министр катары абактан чыгарылган саясатчы Садыр Жапаровду бекитип, кийинчерээк Жапаровго президенттин ыйгарым укуктары дагы жүктөлгөн.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого экс-депутаттар Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясы катышкан. Алдын ала жыйынтыктар боюнча мекенчилдер 6,95% добушка ээ болушкан.

Анткен менен мекенчилдердин багын Жапаров бийликке келип ачты десек болот. Анткени Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда да, андан кийин президенттик шайлоону жеңип чыккандан кийин да «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү ар кандай кызматтарга коюлган. Алардын сап башында Камчыбек Ташиев да бар. Жапаров президенттин ыйгарым укуктарына ээ болгондон кийин УКМКнын төрагалыгына жакын досу Камчыбек Ташиевди дайындаган.

Ташиев Жапаровду 6-октябрда ал абактан бошотулгандан тарта коштоп жүргөн. Ал үчүн депутат Өмүрбек Текебаев Ташиевди «дос-секретарь» деп атаган.

Тема боюнча:

Сурамжылоо: Садыр Жапаровдун рейтинги түшө баштады