«Мыйзам чийки». Кыргыздарды сындаган аялдын камакка алынышына эксперттердин пикири

Кыргызстанда Твиттерде кыргыз элин кемсинткен комментарий жазган аял бир жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген.

«Клооптун» журналисти Айдай Иргебаева юрист Нурбек Сыдыков жана журналист Адил Турдукулов менен бирге бул окуяны талкуулады.

Нурбек Сыдыков Кылмыш-жаза кодексиндеги «Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренесинин чийкилигинен улам аял камакка алынганын белгиледи.

Анын айтымында, бул жердеги негизги көйгөй — берененин адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн «айкын эместигинде». Юрист беренеге ылайык, кайсыл бир этноско же динге каршы айтылган сөз, зомбулукка чакырык жок экенине карабай кастыкты козутуу катары баалана турганын баса белгилейт.

Ал эми журналист Адил Турдукулов комментарий жазган аял тиешелүү жазасын алышы керек болчу деп эсептейт. Ошол эле учурда, анын пикиринде, аялга карата «жумшагыраак» баш коргоо чарасы тандалса болмок.

«Бул берене эл аралык жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү пактынын 19-20-беренелерине дал келбейт. Маселе ушунда. Ага ылайык, Кыргызстандын зомбулукка үндөгөндөрдү жана кастыкты козутуу үчүн жоопко тартууга милдеттенмеси каралган. чакырыктар үчүн жоопко тартууга. Чагымчыл аракеттерден сырткары кастыкты, араздашууну козутуучу реалдуу коркунучтар болушу керек», — деп баса белгиледи ал.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-сентябрда Твиттерде улут аралык кастыкты козутуучу пост жазганы үчүн аялды бир жылга эркинен ажыраткан.

Соттон айыпталуучу аял мас абалында «кыргыз элине карата терс маанайдагы, мазактоочу» пост жазганын айтышкан.

Сот отурумунда ал күнөөсүн мойнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган баш коргоо чарасын тандоону өтүнгөн. Бирок сот анын посту улуттар аралык кастыкка алып келиши мүмкүн болчу деп эсептеп, өтүнүчүн орундаткан эмес.

Тема боюнча:

Укук коргоочу Абдирасулова: Соцтүйүндөгү пост үчүн эркинен ажыратуу коопту прецедент

Бишкектин тургуну «кыргыз элин кемсинткен посту» үчүн бир жылга эркинен ажыратылды