Садыр Жапаров Путин менен КМШнын Астанадагы саммитинде жолуга турганы айтылды

Президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен Астанада өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги саммитинде жолугат. Бул тууралуу «Клоопко» президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«[Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун] жолугушуусунун форматы иштелип жатат», — дешти басма сөз кызматтан.

9-октябрда Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу «эки тараптуу кызматташуу» маселелерин тартуулоону улантуу үчүн Астанада жолугушууну макулдашышканын билдирген.

Песковдун айтымында, эки президенттин сүйлөшүүсү Жапаров катышпай калган Санкт-Петербургдагы КМШнын бейформал саммитинин алдында болгон.

Жапаров Казакстанда 12-октябрдан 14-октябрга чейин болот. Ал ошондой эле Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары саммитине жана «Борбор Азия —Орусия» аттуу биринчи саммитке катышат.

КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу

КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин бейформал саммити 7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Саммиттин бейформал бөлүгүндө катышуучулар Орусия менен Тажикстандын президенттеринин — Владимир Путин менен Эмомали Рахмондун 70 жылдык мааракесин белгилешкен.

Иш-чарада Путин Рахмонго 4-октябрдагы жарлыгы менен «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» III даражадагы орденин тапшырган.

Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президент иш графигине байланыштуу жыйынга барбай калганын билдирген.

«Орусия президенти Владимир Путиндин 70 жылдыгына байланыштуу президент Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн кыргыз тараптан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлдү», — деп жазган президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

Буга чейин АКИpress басылмасы президенттик администрацияга жакын адамга таянып, Жапаров иш чарага катышпай турганын билдирген. Ал журналисттерге Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 70 жылдык мааракеси да белгилегенген салтанаттуу иш чарага Кыргызстандын президенттинин катышуусу акылсыздык деп эсептеген кыргызстандыктардын талабын укканын айткан.

Дагы окуңуз: «Путин 70 жашта». Жапаров КМШнын бейформал саммитине катышпай турганы айтылды

Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү