Баткен: Куралдуу жаңжалда эвакуацияланган 6 миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта элек

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда эвакуацияланган алты миңден ашуун адам үйлөрүнө кайтып бара элек. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, азыркы күндө убактылуу баш калкалоочу жайларда миңден ашуун адам бар. Беш миңге жакын Баткендин тургуну башка жергиликтүүлөрдүн үйлөрүндө күн кечирип жатат.

Жалпысынан куралдуу жаңжалда Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, учурда алардын 130 650сү үйлөрүнө кайткан.

Жарандык коргонуу комиссиясы куралдуу жаңжалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, карап чыккан. Алардын аныктамасы менен 661 турак үй жабыркаган деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түзөөгө муктаж.

Ошондой эле министрликтин маалыматы боюнча, 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объект жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Баткенди калыбына келтирүү

22-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда ал чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүү жана үйлөрдү суук түшкөнчө калыбына келтирүү тапшырмаларын берген.

11-октябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Капчыгай жана Достук айылдарындагы турак үйлөрдө аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан толугу менен сүрдүрүлөт. Бийлик анын ордуна жаңы үйлөрдү курууну пландап жатат. Бул чек ара жаңжалында жабыркаган кыргызстандыктарга бирдей шарт түзүү максатында жасалып жатканын президенттин басма сөз кызматынан белгилешкен.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстан куралдуу кагылышууда болжол менен 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тартты.