«ПолитКлиника»: Орусиянын Оштогу консулдугу имаратын Нарматовадан ижарага алган

«ПолитКлиниканын» иликтөөчүлөрү Орусиянын Оштогу консулдугу имаратын депутат Надира Нарматовадан ижарага алганын аныкташты

Маалыматка караганда, фейсбукка консулдуктун имараты депутатка таандык болушу ыктымал делген билдирүү чыккан. Журналисттер аны текшерип көрүүнү чечишкен.

«Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу Камбаралы Бобулов, 77 дарегинде жайгашкан. Аталган даректи «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан текшерип көргөндө, учурдагы ээси катары Жогорку Кеңештин депутаты Нарматова Надира Азимовна өзү чыкты», — деп билдиришти журналисттер.

Орусиянын консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага алары көрсөтүлгөн. Мындан сырткары имарат банкта күрөөдө турат.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

12-октябрда депутат Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus Media басылмаларын жаптырып салуу боюнча депутаттардан кол топтоп жатканын айткан. Ал эми Надира Нарматова Бекешевдин билдирүүсүн «жалган» деп белгилеп, далилдеп берүүсүн талап кылган.

Эртеси күнү, 13-октябрда, 30га чукул адам «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларын жабууну талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги имаратынын алдына чогулушкан.

Нааразы болгон топ « “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” кетсин», « “Азаттык” — эл душманы», «НПОчуларга жол жок» деген жазуусу бар кагаздарды көтөрүп турушкан. Ошондой эле алар депутаттардан «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылышкан.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.

Нарматова өзү буга чейин парламентте «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну сунуштаган болчу.

14-октябрда активисттер, журналисттер жана кайдыгер эмес адамдар сөз эркиндигин жана көз карандысыз ЖМКларды коргогон акция өткөрүштү. Анда алар Нарматова мандатын тапшыруусун талап кылышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Тил кесмек жок». Бишкекте көз карандысыз ЖМКларды колдогон акция өттү