Жанар Акаев президентти көз карандысыз ЖМКны коргоого чакырды

«Кыргызстанда сөз эркиндиги журналисттерге эле эмес, жалпы коомчулукка керек» — мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбук барагында жарыялаган видеодо айтты.

Эл өкүлү 13-октябрда «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media көз карандысыз басылмаларын жабуу талабы менен митингге чыккандарды сынга алды.

«Сөз эркиндиги деген мага же ошол журналисттерге гана керек эмес, бул ошол бийликтин, чиновниктердин ар бир баскан-турганын, аларды уурдатпай, кароолчудай болуп карап турган, бул ошол пресса. Алар жок болсо, бийлик мамлекеттин, элдин, ошол сиздин акчаңызды каалагандай пайдаланышы мүмкүн. Бүт тууган-уруктарын кызматтарга коюп, диктатуралык жолго түшүп, эч ким менен, эл менен эсептешпеши мүмкүн. Ошонун баарын чектеп, көзөмөлдөп уурдатпай, талатпай, тонотпой турган бул ошол көз карандысыз медиа болот», — деди ал.

Анын айтымында, көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө дал ошол ЖМК салык төлөөчүлөрдөн мамлекеттик бюджетке түшүп турган каражаттын пайдаланылышын катуу көзөмөлдөп турат.

«Саясатчылардын оюна койсоң, өзү жөнүндө прессадан жалаң жакшы ойлорду окугусу келет, мактоолорду окугусу келет, бирок андай болбошу керек да. Бүт баскан-турганынан баштап, жасаган ишине чейин көзөмөлдөп турган бул ошол эркин медиа болот. Ошон үчүн, биз аларды колдоп [турушубуз керек]. Сөз эркиндиги десе бул сөзсүз журналисттер жөнүндө эмес, бул сиздер жөнүндө, ар бириңиздер жөнүндө», — деди эл өкүлү.

Акаев президент Садыр Жапаровду эркин медиага жан тартууга чакырды.

«Сөз эркиндиги десе бул сөзсүз журналисттер жөнүндө эмес, бул сиздер жөнүндө, ар бириңиздер жөнүндө. [...] Биз дайыма эркин, курч адилеттүү, чынчыл журналисттерди, ошондой эркин медиаларды сөзсүз колдошубуз керек. Терс жактарын дагы, Кыргызстанда өнүгүү-өсүү, чоң реформалар болсо алар дагы кубануу менен айтып турушат. Ошон үчүн бийликти да чакырат элем, ошого окшогондорду угуп, ошолорду айдактап, колдонгон болбойт, тарыхта андай бийлик эч качан жыргаган эмес. Тескерисинче бийлик келип, күч органдары ошого окшогондорду тыйып коюшу керек, түшүндүрүп коюшу керек, ачык коомго жарыя кылышы керек. Президент баш болуп, өкмөт башчысы жана башка… “Мындай кылганыңар туура эмес, журналисттерге эч кандай кысым болбошу керек” деп айтышы керек», — деди Акаев.

ЖМКга каршы митинг

13-октябрда «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus Media басылмаларына каршы митингге 30дай киши чыккан.

Митингчилер аталган басылмалар «бир гана негативди чагылдырат», «элди бузат», «ЛГБТ коомчулугунун жарчысы» деп айыптап, алардын жабылышын талап кылышкан.

Алар ошондой эле «чет элдик агент» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну да талап кылышкан. Орусияда мындай мыйзам көптөгөн маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келген.

Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраилов митингдин аягында эгер «чет элдик агент» жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп коркуткан.

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева «Клоопко» митингде айтылган коркутуулар боюнча милицияга арыз жазып кайрыларын билдирген.

Аталган үч медиага каршы нааразычылык акциясы 2022-жылдын 9-февралында дагы өткөн.

Анда демонстрацияны экс-депутат Турсунбай Бакир уулу жетектеп, митингчилер басылмалардын жабылуусун талап кылып алгач Kaktus Media’нын имаратынын алдында турган. Кийин, «Клооптун» кеңсесинин астына жылышкан. Митинг көпкө созулган эмес, анда да нааразычылыкка чыккандар «чет өлкөлүк тыңчы» жөнүндө мыйзамды кабыл алууну, үч медианы жабууну талап кылышкан.