Кыргызстан Беларустан зениттик-ракеталык комплекс сатып алат

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Кыргызстан Беларус менен «Печора-2БМ» үлгүсүндөгү зениттик-ракеталык комплексин (ЗРК) алууну макулдашканын билдирди. Бул тууралуу министр 19-октябрдагы маалымат жыйында айтты.

Бекболотовдун айтымында, комплексти сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр былтыртан бери «Белтехэкспортом» компаниясы жүргүзүлүп келе жатат.

«Зениттик-ракеталык комплекс “Печора-2БМ” дегенибиз жаңы, бүгүнкү күнгө [ылайык,] заманбап абадан коргонуучу зениттик-ракеталык комплек. Бул жакка келсе, кудай буйруса, Баткен облусуна ошону коюп, абабызды ошол жерден жапканга чоң аракет кылып жатабыз», — деди Бекболотов.

ЗРК «Печора-2БМ». belautoprom-g2n.jimdofree.com сайтынан скриншот.

Коргоо министринин айтымында, Борбордук Азияда да, дүйнөдө да аскердик-саясий абал «өтө курч абалда жана бул тенденция өсүп жатат».

Кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрда толук масштабдуу куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралдуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптоодо.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.

Тема боюнча окуңуз:

Кыргызстан жана Тажикстан: Эки өлкөнүн армиясын салыштырабыз