Ошто 15 жаштагы кызды ала качууга шектелген төрт киши эки айга камалды

Ош шаарында 15 жаштагы кызды ала качууга аракеттенген төрт адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу «Клоопко» шаардык соттон билдиришти.

Буга чейин милиция жашы жете элек кызды ала качууга аракеттенген шектүүлөр кармалганын билдирген. Окуя 18-октябрь саат 22:00 чамасында Масалиев проспекти менен Зайнабетдинов көчөсүнүн кесилишинде катталган.

Кызды мажбурлап никеге тургузууну көздөгөн адам 27 жашта болгон. Ал эми анын шериктери 36 жана 37 жаштардагы кишилер. Милиция «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандагы ала качуу

Кыргызстанда кыздарды ала качып, никеге турууга мажбурлашат. Иштердин көбү сотко жетпей кыскарып кетет — жетсе да айыпталуучулар көп учурда жазасыз калышат. Мисалы 2020-жылы Жалал-Абад облусунда ала качуу боюнча 19 факты катталып, алардын баары тергөөдө кыскарган.

Милиция буга «кыздардын ата-энелери алар өз каалоосу менен турмуш курганын, дооматтары жок экенин айтып жазган тосмо арыздарын» жүйөө кылган.

2021-жылдын апрель айында уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзаданын аянычтуу окуясынан кийин «Клооптун» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт деген тыянакка келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи