«Түндүк электр» ишканасы тургундарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды

«Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдингдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча электр энергиясынын суткалык керектөөсү белгиленген өлчөмдөн бир кыйла ашып кеткени айтылат. Мекемеден эгер энергияны керектөө режими сакталбаса, авариялык кырдаал келип чыгышы мүмкүн деп белгилешти.

«Бишкек шаарында электр энергиясынын күнүмдүк керектөөсү 9,6 миллион кВт/саатты түзгөн. План боюнча 6,8 миллион кВт/саат болушу керек болчу. Ал эми Чүйдө план боюнча 7,06 миллион кВт/саат болсо, керектөө 8,2 миллион кВт/саатты түздү», — деп айтылмат билдирүүдө.

«Түндүк электир» ишканасы тургундарды эртең менен саат 7:00дөн 9:00гө чейин жана кечинде 19:00дөн 21:00гө чейин электр энергиясын үнөмдүү колонууга чакырды.

2021-жылдын ноябрь айында «Түндүк электр» ишканасы абоненттердин эсептегичтерине электр энергиясын колдонуу кубаттуулугуна чектөө киргизген.

Ишкана чектөөнү «суу-энергетикалык ресурстарды сарамжал пайдалануу жана керектөөнүн белгиленген чегин сактоо максатында» жасалууда деп түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы электр энергиясынын тартыштыгы

Кыргызстандагы энергетикалык каатчылык бар — бул тууралуу бийлик өзү айтууда. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык кризистен чыгарын айткан.

Кыргызстандын энергетиктери элди кышкысын «электр энергиясын үнөмдөөгө», үйлөрдү мүмкүн болушунча көмүр же газ сыяктуу альтернативдүү булактар менен жылытууга чакырышкан.

Кыргыз бийлиги күз-кыш жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорттой баштаган. Республика Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын алмашуу жолу менен алса, Түркмөнстандан импорттоп алган.

Мындан тышкары, бийлик Орусиядан да электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан.

Ал эми 15-апрелдеги парламен жыйынында энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө максатында электр энергиясын быйыл да коңшу өлкөлөрдөн алат деп билдирген.

Анын айтымында, мындай чара көрүлбөсө суу сактагычтагы суунун деңгээли кооптуу чекке жетип, ГЭС электр энергиясын иштеп чыга албай калат.

Тема боюнча:

Свет же нан. Кыргызстанда электр жарыгы тартыш, бирок элдин аны сатып алганга акчасы жок

Президент: Бекмурзаевди «куурдак» кылып жесеңер дагы энергосистема кризистен чыкпайт