Депутат Айдарбеков дипломатиялык рангдан адилетсиз ажыратылганын билдирди

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылганын соцтүйүндөрдөн билгенин ЖМКга айтты.

Депутат мындай чечимди адилетсиз деп эсептейт, себеби «бүткүл кесиптик өмүрүндө» дипломатиялык кызматта иштеп жыйынтык көрсөткөн.

Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 22 активист жана саясатчынын кармалышы тууралуу да оюн айтты.

Ал Конституцияга ылайык, мамлекеттик бийликтин булагы кыргызстандыктар өздөрү экенин баса белгиледи.

«Кечээ күнү болгон окуялар өтө өкүнүчтүү. Мамлекетибизде саясий куугунтук болбошу керек. Элдин жана бийликтин ортосунда чоң аралык, түшүнбөстүк пайда болду. Бул жакшылыкка алып келбейт. Кыргыз эли өнүгүп-өсүүгө, адилеттүүлүккө умтулат, күтөт. Бийлик диалогго өтүүгө тийиш. Кудай үчүн, ата-бабаларыбыз үчүн, келечек муунубуз үчүн муну кылышы керек», — деди ал журналисттерге.

Айдарбеков дипломатиялык рангынан 22-октябрда ажыратылган. Анда президенттик администрациядан мындай чечим Айдарбеков чек өлкөлүк бир катар мекемелерде [элчиликтерде] иштеп жүргөндө «дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар» ачылганына байланыштуу кабыл алынганын билдирген.

Айдарбековдун кызматтан алынышы

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Комитеттин башчысы келишимди жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткан.

Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан. Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берүүгө үлгүргөн.

«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазган минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагында.

20-октябрда Айдарбеков парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан алынган.

Эл өкүлү өзү бийлик жашыруун шартта Өзбекстанга берүүгө камдап жаткан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерлер документтер боюнча талаштуу жерлер эместигин айткан.

Тема боюнча окуңуз:

Түшүмдүү жердин ордуна какыраган таш. Кыргызстан Кемпир-Абаддан кол жууса эмне болот?

Кемпир-Абад боюнча кол койбой койгон Айдарбековдун айланасында эмне болуп жатат?