Кармалган активисттер менен саясатчыларды колдоо үчүн каражат чогултула баштады

Массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча кармалган саясатчылар менен активисттер үчүн каражат чогултула баштады. Буга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алышкан.

Каражат чогултууну демилгелегендердин айтымында, саясатчылар менен активисттерди кармоо — «конституциялык укуктарды одоно бузуу, башкача ой жүгүрткөн жарандарды куугунтуктоо жана саясий репрессиянын эң маанилүү белгиси».

Алар түшкөн каражат саясий туткундарды колдоого жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин ишмердүүлүгүн улантууга багытталарын билдиришти.

«Андан тышкары, саясий туткундардын муктаж болгон туугандарына көмөк көрсөтүүгө жумшалат», — деп жазышты уюштуруучулар.

Массалык башаламандык уюштурууга шектелген саясатчылар менен активисттердин баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 25-октябрга караган түнү каралып, таңкы саат 05:00гө чейин созулду.

Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды.

Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.

Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.

Андан кийин активистти абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага алып кетишкен. Эшалиев башка саясатчы жана активисттердей эле массалык башаламандык уюштуруу ишинде шектүү катары өтүп жатат. Кийинчерээк Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Бүгүн, 25-октябрда, Биринчи Май райондук соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев менен активист Атай Бейшенбектин баш коргоо чарасын кабыл алышы керек.

Юрист Сания Токтогазиева Фейсбук барагында Кыргызстандагы соттордун саясатчылар менен активисттерге карата 2 айга камакка алуу чечимин сындады.

Анын пикиринде, соттор Конституциянын жана укук үстөмдүгүнүн кепилдиги болуунун ордуна өздөрү Кыргызстанда конституционализмдин жана укук үстөмдүгүнүн бузулушунун булагы болушту.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.

ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.

24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген. Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.

«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.

Дагы окуңуз:

Ошто Кемпир-Абадды жана ага байланыштуу кармалгандарды коргогон акция өттү

«Кемпир-Абад берилбесин жана саясий куугунтук токтосун». Бишкекте тынчтык жүрүшү өттү