Активисттерди кармоо: Акыйкатчы институту сот жыйындарынан көптөгөн бузууларды аныктады

Акыйкатчы институту укук коргоо жана сот органдарын жазык сот өндүрүшүн жүргүзүүдө эл аралык жана улуттук стандарттарды так сактоого чакырды. Уюмдун кайрылуусу «Клооптун» редакциясына келип түштү.

Уюмдун маалыматына ылайык, алар 24-25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы сот отурумдарына мониторинг жүргүзүшкөн. Ал жерде массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүү иши боюнча активисттер менен саясатчылардын баш коргоо чарасы каралган.

Сот жыйындары саат 18:00дөн тартып таңкы саат 5:30га чейин уланып, бардыгында тең судьялар активисттердин кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп табышкан.

Бирок, Акыйкатчы институтунун мониторинги кармалгандар менен алардын адвокаттарынын укуктары бузулганын аныктаган:

  • шектүүнүн эмне боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө толук маалымат алуу укугунун бузулушу — алар кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтомдун жана камакка алуу жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсүн, ошондой эле, өз укуктарынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүн алышы керек болчу;
  • камакта кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн кароо мөөнөтүнүн бузулушу, ошондой эле, кармалган адамга карата бөгөт коюу чарасын колдонуу;
  • жактоочулардын көзкарандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдигинин бузулушу.

Ошондой эле, Акыйкатчы институту иш материалдарында кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечимсиз сот отурумун өткөрүү мүмкүн эмес экенин белгилейт.

Мындан тышкары, укук коргоочулар адвокаттардын сот жыйындарына карата дооматтарынын да чогултушкан:

  • кармалгандар кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтом менен сот отурумунда гана таанышкан;
  • адвокаттын коргоп жаткан адамына кирүү боюнча ишмердигине тоскоолдуктар болгон;
  • процессуалдык документтерге тергөө тобунун жетекчисинин колу коюлган, анткен менен тергөө тобунун жетекчиси процессуалдык аракеттерге катышкан эмес;
  • журналисттер сот отурумундарына киргизилбей, фото жана видеосъемка жүргүзүүгө тыюу салынган учурлар болгон;

Биринчи май райондук соту 20-декабрга чейин камакта калтыргандар:

Сот саясатчы Азимбек Бекназаровду 23-декабрга чейин, активист Улукбек Маматаевди 22-декабрга чейин, ал эми укук коргоочу Рита Карасартованы 21-декабрга чейин камакта калтырды. Кармалгандардын баары Бишкектин СИЗО-1де камакта болот.

Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.

Андан кийин активистти абалы начарлап кеткендиктен кайрадан ооруканага алып кетишкен. Эшалиев башка саясатчы жана активисттердей эле массалык башаламандык уюштуруу ишинде шектүү катары өтүп жатат.

Активист Капаров баш коргоо чарасы чыккандан кийин соттун чечимине нааразы экенин билдирди.

«Бул бийликтен жакшы нерсе күтүүгө болбойт. Бир кезде аларды колдогом, азыр ошого өкүнүп жатам. Жер жана суу бизден кийинки муундарга тиешелүү. Силер да, эл, керт башыңарды ойлобогула. Келечек муун бизди кечирбейт. Адилеттүүлүктү талап кылабыз. Бул репрессия. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Мен ал жыйынга жөн эле угуучу болуп катышкам, эч кандай катышуучу же уюштуруучу эмес болчумун», — деди активист.

Ал ошондой эле элге кайрылып, кармалган активисттерди колдоону суранды.

«Эгер камашса, өлкөдө эркиндик болбойт. Өлкөбүз экинчи Түркмөнстанга айланат. Кыргыз элим, мындай болушуна жол бербегиле. Бүгүн бизди сындырат, эртең силердин балдарыңарга да жетишет. Азыркы бийликтегилер бандиттер. Мыйзам менен эмес, өз түшүнүктөрү менен жашап жатышат», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Али Шабдан тагылып жаткан айыптар мыйзамсыз экенин билдирди.

«Бүт баары мыйзамсыз. [Айыптоону] окусаңар өзүнчө эле анекдот. Беспредел», — деди ал.

Ал арада юрист Замир Жоошев кармалган активисттер менен саясатчылардын сотко барган адвокаттарынын бири да кылмыш ишин козгоо боюнча токтомду көрбөгөнүн, ал сотко да берилбебегенин айтты. Ошондуктан активист Али Шабдандын жактоочусу ишти токтомсуз карап жаткан сотту алмаштырууну суранган.

«Кечээ бардыгына камакка алуу токтомунун көчүрмөсү берилди. Ал эми кылмыш иши козголгону тууралуу токтомду көрсөтүшкөн да жок», — деп жазды Жоошев.

Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүн сындагандарды кармоо

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөргөнү жатканы үчүн бийликти сынга алган активист жана саясатчылар 23-октябрда үйлөрү тинтүүгө алынып кармалган. 24-октябрга карата жок эле дегенде 22 адамдын кармалганы белгилүү.

Акыйкатчы институтунун башчысы Атыр Абдрахматова тинтүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери бир катар мыйзам бузууларга жол беришкенин, атап айтканда, кармалгандарды коркутуп, жакын туугандарынын мүлктөрүн алып коюшкан, суракка чакыруу кагаздары жок чакырышканын белгилеген.

ИИМден болсо Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүрүп жатканын айтып жооп беришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө «айрым адамдардын массалык баш аламандыктарды уюштурууга, андан кийин бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экени боюнча далилдер алынган».

Тинтүү жана кармоолорду парламент депутаттары Исхак Масалиев, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев жана Жанар Акаев да сынга алышкан.

Икрамов укук коргоо органдарынын аракеттери демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузарын айтса, Масалиев жарандарга башаламандыкты токтогууга жардам сурап кайрылган.

«Эртең өз оюбузду айтабыз десеңер, силерге да жетип келишет», — деп жазган ал.

Бекешев активисттер менен саясатчыларга карата кылмыш иштерин «болбогон нерсе» деп атап, Кыргызстан «авторитаризмге барып калганын» кошумчалаган. Акаев болсо активисттер менен саясатчылардын кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Ал Конституция боюнча ар бир кыргызстандык өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу экенин баса белгилеген.

24-октябрь күнү Бишкек жана Ош шаарларында саясий куугуттуктарга жана Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы митингдер өттү. Ал эми Өзгөн жана Жалал-Абадда президент Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, Кемпир-Абад маселеси боюнча буга чейин саясатчылар жана активисттер менен жолугушканын, бирок майнап чыкпаганын билдирген.Жапаров кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп эсептейт.

«Камалгандардын көпчүлүгү менен да жекеме-жеке диалог кылгам. Баары эле кызмат сурашат. Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен», — деп билдирген Жапаров.