Акчасы уурдалган аксакал шектүүдөн өндүрүлгөн каражатты баланын дарылануусуна жумшайт

Токмоктогу мал базардан акчасын уурдаткан 79 жаштагы аксакал шектүү кайтарып берген 120 миң сомду БШКнын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулунун дарылануусуна берүүнү чечти. Бул тууралуу Маматов фейсбук барагына жазды.

Ал 28-октябрда Токмок шаардык милициясы байланышка чыгып, аксакал кылмышкерден өндүрүлгөн каражат менен анын уулуна жардам бергиси келгенин кабарлаган.

«Бүгүн реанимациядагы иммунотерапиянын сегизинчи күнү. Жакында эле мал базарда аксакал акчасын уурдатып капа болуп турганда, жанындагылар 500-1000 сомдон чогултуп беришти эле. Милиция кызматкерлери кылмышкерди кармап, чыгымды калыбына келтиришти. Ал эми бүгүн аксакал аталган каражат менен Канатикке жардам бергиси келет», — деп жазды ал.

Сүрөт: Кайрат Маматовдун фейсбук баракчасы

Алты жаштагы Канат рак илдети, тагыраагы IV стадиядагы нейробластома менен күрөшүүдө. Учурда ал Түркияда кымбат баалуу дарылануудан өтүп жатат.

Буга чейин интернетте 120 миң сом акчасын уурдатып жиберип, көзүнө жаш алган аксакалдын видеосу тараган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя 16-октябрда, аксакал аш берүү үчүн жылкы алганы мал базарга барган күнү болгон.

Мал базардагы кишилер аксакалга жардам берүүнү чечип, 115 миң 500 сом чогултуп беришкен. Көп өтпөй шектүү кармалып, уурдаган акчаны кайтарып берген.

Канат Маматовдун дарылануусуна акча которуу:

  • «РСК Банк» Visa 4724 1440 3223 0925 — Аида Маматова (Канаттын апасы);
  • «Сбербанк» 2202 2014 0683 6821 — Асель Исакова (Канаттын таежеси);
  • «Оптима Банк» Visa 4439 9710 0957 8449 — Zhazgul Dzhooshbekova (үй-бүлөнүн жакыны);
  • «Мбанк» +996559515989 — Zhazgul Dzhooshbekova (үй-бүлөнүн жакыны);
  • «Элсом» 0559515989 — Жазгуль Джоошбекова (үй-бүлөнүн жакыны);
  • Zelle 312 505 8364 Nurlan Alja (үй-бүлөнүн жакыны — АКШ);
  • Kaspi KZ 4400 4301 7851 3377 Emil Essenbayev (үй-бүлөнүн жакыны). Байланыш номери: +7777 017 23 83;
  • https://gofund.me/1ea230e7.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксакалдын акчасын уурдоо: Шектүү кармалып, уурдаган акчаны төлөп берди