«Парламенттик кызматташтыкты чыңдоо». Депутат Матраимовго Валентина Матвиенко сыйлык тапшырды

28-октябрда Самарканд шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жыйындарында кыргызстандык депутаттарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко депутат Искендер Матраимовго «Парламенттик кызматташтыкты бекемдегени үчүн» сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу Матраимов бейсбук барагына жазды.

Искендер Матраимов жана Валентина Матвиенко.

Матвиенконун айтымында, Матраимов «парламенттер аралык уюмдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон».

Матраимов фейсбук барагында медалдын сүрөтү менен бөлүшүп, ал төмөндөгүлөргө ыйгарылат деп белгиледи:

  • парламентаризмди өнүктүрүүгө салым кошкондорго;
  • КМШнын ишиндеги мыйзамдык базаны өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө салым кошкондорго;
  • эл аралык мамилелерди жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдагандарга.

Матраимовдун фейсбук барагында ал 2021-жылдын июль айында Молдовада өткөн парламенттик шайлоодо КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобунун координатору болгону жазылат.

Искендер Матраимов деген ким?

Искендер Матраимов — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу иликтөөсүнүн негизги фигуранты Райымбек Матраимовдун агасы.

Ал эми Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон.

Өткөн жылдын 18-февралында УКМК Матраимовду кармаган. Ал эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Матраимов сотто бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган. Иш жүзүндө Кыргызстандагы эң эле чуулгандуу окуя 3 миң долларлык штраф менен аяктаган десек болот.

Салынган 260 миң сом айып Кыргызстандан бажыдагы коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылган 700 млн доллардын 0,00043%ын гана түзөт. Ал эми мамлекетке төгүлгөн 24 млн АКШ доллары — бул коррупциялык схемалар аркылуу чыгарылып кеткен сумманын дээрлик 3,5%ы.

Искендер Матраимов 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан. Аталган партия Матраимовдорго караштуу деп айтылып жүргөн. Партия шайлоодо экинчи орунду алган.

Ал эми 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Матраимов Ош облусунун Кара-Суу шайлоо округунан бир мандаттуу талапкер катары катышып, жетинчи чакырылышка депутат болуп келген.

Дагы окуңуз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу