Баткен: 63 үйдүн дубалы курулуп жатат, 171 үйдүн пайдубалы бүттү

Сүрөт: ӨКМ

1-ноябрга карата Баткен облусунда 171 үйдүн пайдубалы бүтүп, 63үнүн дубалы курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дубалы курулуп жаткан 63 үйдүн 62си Баткен районунда, бири Баткен шаарында. Ал эми пайдубалы бүткөн 171 үйдүн 103 Баткен, 35и Лейлек райондорунда. Мындан сырткары 135 үйдүн пайдубалы курулуп жатат — анын 106сы Баткен районунда, 29у Лейлекте.

ӨКМден белгилешкендей, учурда тургундар мобилдик үйлөрдө, кийизден жасалган чатырларда жана боз үйлөрдө жашап жатышат. Ошондой эле убактылуу жашоочу жайларда жана туугандарынын үйүндө күн кечирип жаткандар да бар.

Куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Жаңжалда кыргызстандын 63 жараны курман болду — анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Ал эми 206 адам ар кандай жаракаттарды алды — алардын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 миллиард 130 миллион сом деп бааланды.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген.